Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропорту жаңы шефтин Камчы Көлбаев менен байланышы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты

«МЭА» ААК Мирлан Бегалиевдин кудасы «мыйзамдагы ууру» экендиги тууралуу маалыматка ак да, көк да дебей коюшту

«Манас» эл аралык аэропортун башкаруу төрагасынын милдетин аткаруучу Мирлан Бегалиев белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы. Мындай маалыматты Фесбуктагы белгилүү «Инсайдер.KG» тобу бөлүшүп жатат.

Бегалиевдин уулу Акбар Көлбаевдин кызы Санирага үйлөнгөн деп белгиленет.

Ал арада ачык булактардын маалыматынан Камчы Көлбаев кызын 2017-жылы аяк оона айында турмушка узаткандыгы белгилүү.

Анын күйөөсү тууралуу маалыматтар аз, андан сырткары, анын аты Акбар жана ал Нарындын тургуну.

Vesti.kg сайты «МЭА» ААК маалымат кызматына кайрылганда, алар бул маалыматка ак да көк да дебей коюшту.

- Буга байланыштуу эч кандай маалымат бере албайм, - деди компаниянын маалымат катчысы Алия Курбанова. - Комментарий жок.

Эске салсак, Мирлан Бегалиев кечээ «Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу төрагасы милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Мурда ал «Манастын» Бишкек филиалын жана юридикалык бөлүмдү башкарган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх