Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дарыгер Мурат Суталиновдун акыбалы канчалык олуттуу экендигин айтып берди

УКМКнын мурдагы төрагасын кийинки жумада ооруканадан чыгарып, колонияга кайра киргизишет

20 жылга эркинен ажыратылган УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Улуттук онкология жана гематология борборунда дарылоо курсунан өтүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УОБ химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев айтып берди.

Ал Суталиновдун бөйрөгүн 4-стадиядагы рак экендигин эскертти, башкача айтканда бул учурда химиотерапия жардам бербейт.
- Ал таргеттик терапия алып жатат, - деп түшүндүрдү Абдылдаев. - Дарылоо курсу бир айга созулат, андан соң №47 колонияга которушат. Суталиновдун эки жумасы алынган дарылардан эс алууга жумшалат, анан кайрадан онкологияга дарылоокурсу үчүн алынып келинет.

Оорулууну айыктыруу мүмкүнчүлүгү, албетте аз.

Белгилүү болгондой, УКМКнын мурдагы башчысынын дарылануусу анын туугандарынын эсебинен болуп жатат.
- Дарылар өтө кымбат, алар бизде жок, - деп белгиледи дарыгер. - Туугандары Москвадан сатып келишет. Эгерде италиялык сутентти сатып алышса, анда бир дарылоо курсу 168 миң сомго барабар болот. Ал эми Индияныкы болсо 30 миңден жогору турат.

Ошону менен бирге Турусбек Абдылбаев көрсөтүлгөн дары-дармектердин терс жактары бар экендигин кошумчалады.

- Биз бир эле убакта анын кызыл өңгөч астмасын, ошондой эле дарылануудан алган терс эффекттерди дарылайбыз, - деп улантты ал. - Артериалык кан басымы көтөрүлүп, мурду канап кетип жатат. Аны 12- 14 бештин айында ооруканадан чыгарабыз.

Эске салсак, УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов 2010-жылы 7-чын куран окуясына байланыштуу камалган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх