Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Евробиримдикке камактагы Азимжан Аскаровдун иши тууралуу кайрылуу келип түштү

Укук коргоочулар Кыргыз бийлигине европалыктардын таасир беришин суранышат

Human Rights Watch укук коргоо уюму Евробиримдиктен Кыргыз бийлигине Азимжан Аскаровду бошоттуруп бергиле деп суранышты.

Жамааттык кат бештин айынын онунда боло турган «Евробиримдик - Кыргызстан» конференциясынын алдында жарыя кылынды. Катта 2010-жылдан бери мыйзамсыз камакта жаткан укук коргоочу тууралуу жазылган. Ошондой эле 2016-жылкы БУУнун адам укугу боюнча Комитетинин Аскаровду бошотуу талабына карабастан, анын камакта жаткандыгы айтылат.

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалалабат облусунун Базар-Коргон районунда жашап жана укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы теке айындагы окуядан кийин ал милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жана массалык баш аламандык уюштурууга айыпталып камалган.

Бардык инстанциялардагы соттордун чечимдери аны өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

2016-жылы чын куран айында БУУнун адам укугу боюнча Комитети Кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кайра карап көрүүгө чакырган. Комитет өзүнүн чечимин Азимжан Аскаровду мыйзамсыз кармоого жана кыйноо колдонууга негиздеген.

Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан кайра каралып, 2017-жылы үчтүн айынын жыйырма төртүндө анын өмүр бою камакта калуу чечимин күчүндө калтырды. Бирок бир катар эл аралык уюмдар укук коргоочуну мыйзамсыз камалып турат деп көшөрүп жатышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх