Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дамир Сагынбаев: «14-декабрда өтө турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2019-2023-жылдардагы санариптик Кыргызстан» программасы кабыл алынат

Мындай билдирүү Бишкекте өткөн киберкоопсуздук жана киберкылмыштуулук боюнча өткөн тегерек столдо жарыяланды

Дүйнө коомчулугу маалыматтык жана коммуникациялык технологияларга таянганы менен мекеме-уюмдарга, бүтүндөй мамлекеттерге зыян алып келчү коркунучтар да бар. Алар компьютердик системага болгон киберкылмыштуулук. Аны далилдөө өтө кыйын. Анткени киберкылмыштуулук кылмыш жасагандардын компьютердик системасынын ичинде болот.

Киберкылмышкерлер шылуундук менен жарандардын өздүгү туурасындагы маалыматтарды компьютерден эле уурдап коюшат.Алар жарандык коомго, массалык маалымат каражаттарына, мекеме-ишканалардын жеке өкүлдөрүнө каршы веб-сайттарды атайын бурмалашат. Мындай кылмыштар өзгөчө шайлоо жүрүп жаткан мезгилде болушу мүмкүн.

Шайлоо компанияларына кийлигишүү, бийлик органдарынын жана саясий партиялардын серверлерин талкалоо сыяктуу бүлүндүргүч аракеттер коом ишенимин шайлоолорго болгон таасирин жоготот.

Андыктан, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр киберкоопсуздукту өз деңгээлинде камсыз кыла билиш керек.

Кыргызстан да киберкылмыштуулукту алдын алып, иликтеп, аны жазалаш керек.

Дамир Сагынбаевтин айтымында киберкоопсуздук боюнча улуттук стратегия иштелип чыкты.
Тегерек столдо киберкылмыштуулук жана киберкоопсуздук боюнча тажрыйбасы мол Европа өлкөлөрүнүн мисалында талкуулар жүрүп жатат.
Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү шайлоо процесстериндеги жана сот реформасындагы киберкоопсуздук маселелерин колдоп, каржылай тургандыгын билдирди.

Грузия,Румыния жана Эстония сыяктуу өлкөлөрдүн киберкоопсуздук боюнча адистери тажрыйба бөлүшүү максатында атайын материалдарды даярдап келгени маалым болду.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх