Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары аялдарынын бизнестери тууралуу суроого жооп беришти

Адилет Министрлигинин маалыматы боюнча, 120 депутаттын ичинен он биринин аялдары ийгиликтүү ишкерлер

Жогорку Кеңештин бардык эле депутаттары алардын аялдары бизнес менен алектенишээрин моюндарына алышкан жок. Депутаттардын ишкер аялдары тууралуу маалымат менен КР адилет Министрлиги бөлүштү.

Tazabek билдиргендей, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 120 депутатынын ичинен 11 депутаттын аялы бизнес менен алектенет.
«Депутаттардын эң бай аялдарынын» тизмесинин сап башында Азамат Арапбаевдын, Чыныбай Турсунбековдун, Акылбек Жапаровдун, Кубанычбек Жумалиевдин, Иса Өмүркуловдун, Осмонбек Артыкбаевдин, Исхак Масалиевдин, Автандил Кулбараковдун, Анвар Артыковдун, Бакыт Торобаевдин жана Камчыбек Жолдошбаевдин аялдары турат.
Vesti.kg сайты алардын кээ бирлери менен байланыша алды.

- Ооба, менин аялым бизнес менен алектенет, - деп ырастады Азамат Арабаев (КСДП). Кандай бизнес менен деген сурообуздан депутат качып, «ар кандай» деп койду.
Ал эми Исхак Масалиев (Өнүгүү-Прогресс) жана Анвар Артыков (КСДП) адилет Министрлигинин маалыматын четке кагышты.
- Менин аялым эч качан бизнес менен алек болгон эмес, - деп баса белгиледи Артыков.

Мекемедегилер депутаттардын аялдары ресторан жана мейманкана бизнеси, соода, туризм, ун өндүрүү, цемент, мүлктү ижарага берүү, кредит берүү жана башка ишкердүүлүктүн түрлөрү менен алектенишээрин белгилешти.

Белгелей кетсек, парламенттин депутаттарына жакын туугандарынын бизнес менен алектенишине мыйзам тыюу салбайт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх