Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлигинин башкармалыгынын начальниги: Динара Сагынбаева менин курбум эмес

Анара Эшкожоева депутат Евгения Строкованын КР саламаттык сактоо Министрлиги криминалдык таржымалы барларды дайындап жатат деген билдирүүсүнө жооп кылды

Саламаттык сактоо Министрлигинин кадр иштери боюнча башкармалыгынын начальниги Анара Эшкожоева жакында эле бийик трибунадан айткан парламенттин депутаты Евгения Строкованын сөздөрүнө Vesti.kg сайтына комментарий берди.

- Менин эмгек китепчемде бир да жолу өз каалоосу менен иштен кетти деген жазуу жок, - деп белгиледи ал. - Меин эмгек жолум 1983-жылы аймактык акушер-гинеколог болуп №3 төрөт үйүндө иштөөдөн башталган. 1991-жылы жаңы төрөт үйү ачылып, бизди ага которгондо, мен башкы дарыгердин орун басары болуп калдым. 1997-жылы бул төрөт үйү кайрадан уюшулган. Кыскартууга байланыштуу мен кайрадан №3 төрөт үйүнө гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп келдим. Строкованын каржылык мыйзам бузуусу үчүн №3 төрөт үйүнөн айдалган деген сөзүнө жооп беритп коёюн. Мен бөлүм башчы болуп иштесем, менде кайдагы каржылык мыйзам бузуу болот?
Анара Эшкожоева саламаттык сактоо Министрлигине жумушка орношуу оңой эмес экендигин баса белгиледи.

- Саламаттык сактоо Министрлигине жумушка орношуу оңой эмес, - деди Эшкожоева. - Бул жакка Мамлекеттик кадр кызматынын конкурсунан өтүп, терилип келишет. Мен 2007-жылы Эне жана балалыкты коргоо бөлүмүнүн башчылык кызматына өтүү үчүн конкурска катыштым. Мансаптык тепкич менен көтөрүлүүмдү улантып, 2012-жылдан 2015-жылга чейин мен азыр келген башкармалыкта начальник болуп иштегем. Анан, 2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн аппаратында иштедим.

Анара Эшкожоева саламаттык сактоо Министрлигине мекеменин жетекчилиги суранганынан келгем деди.

- Динара Сагынбаевна менин курбу эмес, - деп ырастады ал. - Мен кнкурстан өтүп келгенде ал саламаттык сактоо министри болчу. Мен аны таанычу эмесмин. Мен Сагынбаеванын өтүнүчү менен келдим. Мен мындан эч кандай криминалдуу нерсени көрбөй турам. Менин ишмердүүлүгүмдө эч кандай коррупциялык иш болгон эмес, анын үстүнө каржылык мыйзам бузуу таптакыр орун алган эмес. Адамды каралап жибериш оңой эле окшойт.

Түшүндүрө кетели, жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова саламаттык сактоо Министрлиги криминалдык таржымалы бар кишилерди жетекчиликке дайындап жатат деп билдирди. Эл өкүлү белгилеп кеткендей, мурда №3 төрөт үйүнөн каржылык мыйзам бузуп, жумуштан кеткен адамды башкармалыктын начальниги кылып дайындашы аны таң калтырбай. Анткени, Эшкожоеваны саламаттык сактоо Министрлигине анын курбусу алып келди.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх