Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азербайжандын сот органдары Адамкул Жунусовдун экстрадицияланышына макул болушту

Баку Кыргызсатандын бажысынын мурдагы башчасын камакка алуу үчүн санкция берди. Качкын чиновникти качан Кыргызстанга келээр мөөнтү азырынча белгисиз

Азербайжандын сот органдары Кыргызстандын мурунку Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусовду экстрадициялоого жана камоого санкция берди. Бул тууралуу КР ЭКККМК Vesti.kg сайтына билдирди.

- Бардык процессуалдык документтерди толтурган соң Адамкул Жунусов Бишкекке кетет, - деп маалымдады экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы Анастасия Пискур. - Так мөөнөтү али белгисиз. Мунун баары элчилик кызматташтыктын келишиминин алкагындагы документтердин толтурулушуна жараша болот.

Белгилүү болгондой, Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып кеткен соң АКШда жашынып жүргөн. Бештин айынын бешинде ал Бакуга келген. Кыргызстандын мурунку салык Кызматынын башчысы Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалган.

Эске салсак, КР МБК мурдагы башчысы Адамкул Жунусовго 2018-жылы баш оонада эл аралык издөө жарыяланган. Ага карата КР КК 304 беренесинин негизинде (Кызмат абалынан ашыра пайдалануу) кылмыш иши козголгон. Каржы полициясындагылар Жунусов МБК иштеп жатып ЖЧК «А» өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык байланыш түзгөн деп билдиришти. Келтирилген чыгым 167 миллион сом. Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматын 2013-жылдан баштап 2016-жылга чейин башкарган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх