Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгерде Акматбек Келдибеков Райым Матраимовду актап жаткан болсо, демек бул бир нерседен кабар берет»

Саясат талдоочулар Жогорку Кеңештин мурдагы спикеринин сөзүнө бирдей маани беришкен жок

Кечээ Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек келдибеков ЖМКга мурдагы Бажы кызматынын башчысыныны орун басары Райым Матраимовду коррупционер деген болбойт деп билдирди. Анын көз карашы боюнча, Алмазбек Атамбаев көп жылдан бери бирге иштешкен адамына эркекче мамиле кылбай, аны коррупционер деп атап жатат. Президенттик кызматтан кеткенден кийин аны каралай баштады. Келдибеков мурунку мамлекет башчынын ушундай ою болсо, анда эмне үчүн өзү президент болуп турганда айткан жок муну деген суроону берет.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев мурдагы төраганын оюна кэ бир жеринде кошулам деп билдирди Vesti.kg сайтына.

- Келдибеков менен жарым жартылай макулмун, - дейт эксперт. - Анын эмнеге Матраимовду актап жаткандыгы түшүнүктүү.

Келдибекоа Атамбаевди №1 коррупционер деп атады. Матраимовдун дарегине курулай дооматтар көп айтылат. Бир да кылмыш иши жок. Аны жөн гана кызматынан алып коюшту. Матраимовго карата кылмыш ишин иликтөө жүргүзүш керек, анын күнөөсү бар же жок экендигин аныктоо керек. Бул жерде көбүнчө пиар жыттанат. Матраимов МСК биринчи орун басары болчу, ал эми аны башкарган Кулматов эле. эмне үчүн Кулматов таза болуп калат да, бардыгына Матраимов күнөөлүү?


Дагы бир көз карандысыз эксперт, саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев Райым Матраимовдун ишмердүүлүгүн Vesti.kg сайтына сүрөттөп берип жатып, ал кантип ушундай байып кеткендигин түшүндүрүш керек дейт.

- Бизде кылмыш Кодекси жана «коррупцияга каршы БУУнун конвенциясы» бар, - деп эскертти эксперт. -Бул азыркы учурда биз колдонуп жаткан документ. Эгерде адам мамлекеттик кызматта иштеп атып, негизсиз эле байып кетсе, демек аны коррупционер деп аташат. Мындай байлыкты жалаң гана айлык менен кантип топтойсуң? Бул мүмкүн эмес. Райым Матраимовду кандайдыр бир спорттук клубга жардам көрсөткөн деп айтып калышат. Ал ушунча байлыкты кайдан алганын айтсын.

Ошону менен бирге Бекбосун Ишенбекович чиновниктердин арасынан чынчыл адамды табуу мүмкүн эмес экендигин билдирди.

- Биздин бардык мамлекеттик системабыз коррупциялашкан, - деп улантат ал. Ал эми келибеков тууралуу айта тургшан болсок, эгер ал бирөөнү коргоп жаткан болсо, демек мында бир нерсе бар. Мен Кыргызстанда баары эле коррупционер болуп кеткен деп айтуудан алысмын. Бирок ошентсе да чиновниктердин арасында таза адамды табуу кыйын болуп калды. мындай коррупциялашкан системада таза адам бийликте көпкө тура албайт.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх