Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурдин Сулайманов: «Эки кызматты ээлеген кызматкер «мыйзамсыз» айлык алды»

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы мекемедеги каржылык мыйзам бузуу тууралуу түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборго аудит жүргүзүп, ал жерден каржылык мыйзам бузууну аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө негизсиз айлык акы төлөө жана мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу аныкталды.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов Vesti.kg сайтына түшүндүрмө берди. анын сөзү боюнча, айлык акы мыйзамдуу берилген - аны эки кызматта иште жаткан кызматкер алган.

- Чындыгында эле 2016-2017 жылдарга аудит жүргүзүлдү, кээ бир эреже бузуулар бар, - деп мойнуна алды Сулайманов. - Көрсөтүлгөн айлык акы эки кызматта иштеп жаткан кызматкерге берилген. Ал эмгек Кодекси боюнча туура эле алды. Баары мыйзамдуу. Ал эми каражатты максатсыз коротуу боюнча техникалык катачылыктар кеткен. Башкача айтканда бир статьядан сумма башка жакка кетип калган.
Ошондой эле Сулайманов кетирилген катачылыктар үчүн күнөөлүүлөрдүн жаза алгандыгын кошумчалады.

- Аудиттин корутундусу боюнча бизге алардын жоюу жана болтурбоо сунушу келип түштү, - дейт ал. - Эскертүүнү алып, баарын ордуна келтирдик. Эми мындай кайталанбайт. Бухгалтериянын кызматкерлери баары эскертүү алышты.

Эсептөө палатасынын маалымат кызматынын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жүрүшүндө 164 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу болгон, анын ичинде негизсиз айлык акы төлөө 129 миң сом жана максатсыз мамлекеттик каражатты коротуу 35 миң сом. Каражатты теңешелебей колдонуу 49 миң сомду түздү.
2016-жылы Улуттук борбор КР «Мамлекеттик сатып алуу» мыйзамын бузуу менен 81,3 миң сомго сатып алуу жүргүзгөн.

2017-жыл ичи атайын каражаттын эсебинен «Унаа кызматы» жана «Алынган товарлар жана материалдарга» эч кандай процедура кылбай туруп 172,7 миң сом жана 200,4 миң сом коротулган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх