Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухтар Аблязов: Кыргызстан Назарбаевдин кол жоолугу болуп калды

Кыргыз Республикасынын УКМКсы качкын олигархтын шектенүүсүн четке какты

Кыргызстан Сооронбай Жээнбековдун айынан эгемендүүлүгүн жоготуп, «Назарбаевдин кол жоолугу» болуп калды. Мындай билдирүүнү Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода министри, качкын олигарх Мухтар Аблязов жасады.

«Силер ушундай абалга жетип калдыңарбы, кыргыз туугандар?», - деп жазат ал фейсбуктагы баракчасына.

Ишкер бир нече күн мурда «Казакстан демократиялык тандоосу» саясий-коомдук кыймылынын активисти, казак оппозиционери - Жандос Алимкуловду аялы жана эки кызы менен «Манас» аэропортунда сапардан калтырып коюшкандыгын айтып берди. Ал 2018-жылы Украинага качып кеткен болчу.


Аблязовдун айтымында, кандайдыр бир белгисиз адамдар алардын үй бүлөсүн ижарага алган батирден чыгууга мажбурлашкан жана ал жерден чыгарбай акча талап кылышкан. Аялын болсо балдары менен бир жумадан кийин гана чет мамлекетке чыга алат деп түшүндүрүштү.
«Бул иш аракеттер Кыргызстан менен Казакстандын атайын кызматтарынын иши, - деп айтат Казакстандын мурдагы министри. - Азыр бул үй бүлөгө ар кандай күч колдонууларды күтсө болот. Мыйзамсыз Казакстанга алып кирүү же болбосо токулган кылмыш ишин козгоп коюшу да мүмкүн».

Анын пикири боюнча, бул иштер саясий себеп менен жасалып жатат: Кыргыз бийлиги КДТ мүчөлөрүн куугунтуктоодо Казакстанга жардам берип жатат.

«Ачыгын айтканда, Кыргызстандын атайын кызматы Казакстан КУК менен бирге иштеп жатышат, - деп жазат ишкер. - Мунун баары Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков менен түздөн түз сүйлөшүү аркылуу ишке ашып жатат».

Аблязов 2018-жылы кыргыз бийлиги блогер Мурат тунгишбаевди Казакстанга өткөрүп бергендигин эске салды. Ал 2014-жылдан бери Бишкекте жашап YouTube га Назарбаевдин режимин сындаган видеотасмаларды чыгарып турган.

«Ооба, урматтуу кыргыздар. Жаңы президент өлкөнү Бакиевдин убагындагыдай артка тартып жатат. Кыргызстанды кыйын кезеңдер күтүп турганы көрүнүп турат… - дейт олигарх. Мындай президент менен силердин өлкөңөр Казакстан сыяктуу болуп аңга түшүп калат. Өкүнүчтүү… Жок дегенде силерди жакшы мамлекет курат деген үмүтүбүз бар эле».

Улуттук коопсуздук кызматы Казакстандын 32 жаштагы жараны Байтасова Динараны эки баласы менен (9 жаш жана 5 жаш) саясий өңүттө кармап турат деген маалыматты четке какты.

«Казакстандын жараны Байтасова Динара 2018-жылы бештин айынын алтысында «Манас» аэропортунан МПК кызматкерлери тарабынан «Бишкек-Москва» каттамы боюнча авиасапарга каттоодогу паспорттук көзөмөлдө Кыргыз Республикасына кирген белги (дата-штамп) жоктугуна байланыштуу кармалган». - деп билдиришти андагылар.

Белгилей кетели, Байтасовага карата административдик материалдарды түзүп жана аларды Кыргыз Республикасынын УКМКсына өткөрүп беришти.
«Бирок УКМК текшергенде, МПК кызматкерлери Байтасовага докумен толтурганда өздөрү катачылык кетиргендери билинди. Бардык жагдайды түшүндүргөндөн кийин Казакстандын жараны Байтасованы балдары мегнен ошол эле күнү эч кандай чектөөсүз коё беришкен, - деп көшөрүшөт андагылар. - Кыргыз Республикасынын МПК кызматкерлери тарабынан чогултулган материалдар андан ары карооүчүн Аскер прокуратурасына берилет».

Ошентип, УКМК казак оппозиционеринин аялын авиакаттамдан түшүрүп салууга эч кандай тийешебиз жок деп билдирди.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх