Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткалдагы эл нааразычылыгынын себепчиси болгон Нурлан Смановдун ооруканадагы видеосу ачыкталды

Терек-Сайдагы жаңжалдын себепчиси Нурлан Смановду да милиция камап койгон

Интернет айдыңында Чаткалдагы терексайлыктардын нааразычылыгына себепкер болгон окуянын негизги катышуучусу Нурлан Смановтун оорукканада жаткан видео тасмасы жарыяланды.

2018-жылдын 5-ноябрь күнү Терек-Сай айыл аймагынын жашоочусу 32 жаштагы Нурлан Сманов жоголуп кеткен жылкысын издеп жүрүп, Түркиялык « Эти Бакыр » кен казуучу компаниясынын кеңсесинин алдынан өтүп баратканда, түрктөрдү кайтарган атайын багыттагы бөлүмдүн кызматкерлери кармап алып,опузалап,жолун тоскон.
Болгон окуяны Нурлан Сманов төкпөй-чачпай айтып берип, акыбалы оор экенин билдирди.
Vesti.kg сайтына келген маалымат боюнча бул видео тасма Нурлан Сманов ур-токмокко алынган 5-ноябрь күнү тартылган.Ошол күнү «Эти Бакырдын» кызматкерлери сабаган Нурлан Сманов Терек-Сайдагы ооруканага жеткирилип,ал жерден дарыланат.

Бүгүнкү күндө денесине катуу жаракат алганына карабай Нурлан Сманов 2 айга камакка алынган терексайлык жигиттер менен Жалал-Абад областтык Ички Иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

2018-жылдын 5-ноябрь күнү болгон уруш-жаңжал боюнча арыз бир ай өткөндөн кийин түрк компаниянын кызматкерлери тарабынан милицияга жазылган. Терексайлыктардын айтымында бир ай ичинде «Эти Бакыр» компаниясы жергиликтүү элге шарт коюп соодалашкан. «Эти Бакыр» компаниясы цианид колдоно турган фабрика курууга элдин макулдугун алуу үчүн «Эгер фабрика куруу мүмкүнчүлүгүн алсак, ур-токмокко катышкан балдарыңардын үстүнөн арыз жазбайбыз»-деген талаптарын коюшкан дейт терексайлыктар.

Ноябрь айы ичи жергиликтуу эл иш таштоого чейин барып митингдерди уюштурушкан. Ал эми «Эти Бакыр» компаниясы «ур-токмокко катышкан балдарды каматбайбыз фабрика курсак»- деп эки тарап көпкө тирешип турушкан.
Натыйжада, 4-декабрь күнү 400дөн ашуун Терек-Сай айылынын эли «Эти Бакыр» түрк компаниясына каршы митингге чыгышкан.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх