Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кишилерди «өз» жана «өзгө» деп бөлгөн Бактыгүл Жээнбаеваны президент сунуштаганбы?

Болочоктогу каржы министринин талапкерлиги көптөгөн суроолорду туудурат

Кыргыз Республикаснын Улуттук банкынын төрагасынын мурдагы орун басары Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министрлигине Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети анын талапкерлигин колдоду.

Бактыгүл Жээнбаева мансаптык жылдарында өзү тууралуу эки түрдүү көз карашты жаратты. Бир жагынан алганда - мансапка тез көтөрүлдү, бирок экинчи жагынан алып караганда - 2011-жылы аны Улуттук банктын төрайымдыгына дайындоонун алдындагы жашыруун добуш берүүдө 114 депутаттын 42си гана колдогон.

Ал эми 2016-жылы болсо Жээнбаева «Айыл банк» ААКнан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө мажбур болгон, анткени ал жерде аны директорлор кеңешинин чечими ыйгарым укугунан ашыра пайдаланды деген. Кеп мыйзамсыз жумуштан бошотулган кызматкерлер жана банктын карамагына сатылып алынган 4,7 көлөмдүү Land Cruiser джипин сатып алуу тууралуу болуп жатат.

Депутаттар талаштуу талапкер үчүн колдооберишкендерин түшүндүрүштү.
- Ал тажрыйбалуу каржы кызматкери, - дейт Vesti.kg сайтына Табылды Тиллаев («Республика – Ата-Журт»). - Мен аны «Айыл банктан» айдап жиберишкен деп айта албайм. Алэми Улуттук банкка шайланбай калышынын себеби, кимдир бирөөгө жакпай калса керек. Бирок ал кай жерде иштебесин аябай зор пайда алып келет.

Кыскасы, депутат Жээнбаевванын бюджет менен иштей электигин, демек бул биринчи убакта ал өз милдеттери боюнча бир аз кыйналаарын айтты.
Анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева (КСДП) аны аял болгондугу жана премьер сунуш кылгандыгы үчүн колдодум деп айтты. Ал Vesti.kg сайтына эгерде Мухаммедкалый Абылгазиев Жээнбаевага токтолгон болсо, демек, ал министрликке татыктуу.

Ал эми Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») Vesti.kg сайтына бир аз шектенүүсүн айтты.
- Жээнбаеванын мүнөзү татаал, - дейт ал. - Кишилерди «өзгө» жана «өзгөг» бөлөт. Андан сырткары, «Кыргызстан» банкында иштеген, баарына белгилүү болгондой бир гана ата мекендик саясатка тийешелүү ал. Ошондуктан, мен анын саясий көз карашына кепилдик бере албайм.
Депутат анын «Айыл банктан» кетишинин себеби кылмыш болбосо да кандайдыр бир талаштуу маселе болгон.
- Чамасы аны премьер-министрге президент сунуштаган окшойт,- деп боолголойт эл өкүлү.

Белгилей кетели, бир канча убакытка Бактыгү Жээнбаева Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев өлкөнүн жетекчилигин саясий өңүттө ой жүгүртүүгө чакырды. Эксперттин ою боюнча, каржы министри өлкөдө - президенттен кийинки экинчи адам, анткени кудум ушул адам мамлекеттин бюджетин түзөт.
- Каржы министринин саясий эрки болушу керек, - дейт Бакетаев Vesti.kg сайтына. - Ал депутаттарга да, мамлекет башчыга да «жок» деп айтууга эрки жетиши керек. Ал эми бул кызматта отурган аял жөн гана терминал болуп калат. эч кандай реформа болбойт, эмне айтса ошону аткара берет.
Бактыгүл Жээнбаеванын президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгондугу, мамлекеттик бюджетти мамлекет башчысы өзү башкараарынан кабар берет деп эсептейт.
- Президент жана премьер бул ишти өздөрү аткарышка туура келет, анткени ал кыла албайт, - дейт Бакетаев. - Бизде ансыз деле бюджет Кодексинде башаламандык. Ал жакшы адам жана каржы кызматкери, бирок бюджет менен ал эч качан алектенген эмес. Жоопкерчиликти өзүнө ала албайт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх