Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«РАЖ» фракциясы Атамбаевдин Бабанов тууралуу билдирүүсүнө « эрип» кеткен жок

Ал арада эксперттер экс-президент өзүнө уюмдаштарды катуулап издеп баштагандыгын айтышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күндө өзүнө уюмдаш боло тургандарды күндүзү чырак менен издеп жатат. Мындай пикирди кыргызстандын саясат талдоочулар билдиришти. Бул нерсеге мурдагы мамлекет башчынын Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин токтотуу зарыл экендигин айткандыгы түрткү болду.

Тактап айтканда, көз карандысыз эксперт Орозбек Молдалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Атамбаевдин кээ бир саясий камалгандарга өкүнгөн интервьюсуна көңүл бөлдү.

- Атамбаев президент болуп турган чагында сот иштерине кийлигишкенин мойнуна алып жатат, - дейт Молдалиев. - Бул тууралуу ал бир нече жолу айткан. Азыр болсо ал Бабановду акташ керек де эсептейт экен. Бул анын жеке пикири. Сот органдары бул маселени карап көрсүн деши керек эле. Ошондо, анын көрсөтмөсү боюнча кылмыш ишин козгогон болуп жатат. Азыр Атамбаевдин бир гана максаты бар. Ал мурдагы таз кейпи менен калды. Эми ал келечекте аны менен боло турган жөлөк издеп жатат.

Дагы бир саясат талдоочу Расул Абазбек ууулунун пикиринче, мурдагы мамлекет башчы Өмүрбек Бабановдун электоратынан колдоо үмүт этип жатат, анткени Бабанов акыркы президенттик шайлоодо ардактуу экинчи орунду албады беле.
- Атамбаев үчүн саясий конъюнктура өзгөрдү, - деп ой жүгүртөт талдоочу. - Шайлоого чейин ага Бабанов атаандаш болчу. Азыр болсо президент каршылашы болуп калды. Ушундан улам, ал саясатчы катары куйругун бултаңдатып жатат. Чамасы азыр уюмдаштарды чогултуу жүрүп жатат. Ал эми Бабановдон колдоо табабы же жокпу ал башка маселе.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев өз кезегинде Атамбаевдин билдирүүсүн эки жүздүүлүктүн белгиси деп эсептейт.

- Бабановго карата кылмыш иши Атамбаевдин бийлигинин учурунда кохголгон, - деп баса белгиледи эл өкүлү. - Эми болсо ишти жабыш керек дейт. Бул эки жүздүүлүктү айгинелейт. Өмүрбек Токтгулович ошондо чындыкты айткан, аны болсо мыйзамга каршы деп эсептешти. Ал чындап эле эл тынч болсун деп кетип калды. эгерде аны кармаганда, митинг башталмак.
Дагы бир депутат Мирлан Жээнчороевдин сөзү боюнча, экс-президент жаңы бийликти өзү кетирген каталыктарды кетирбесин деп жатат.

- Кылмыш иши козголдгон учурдан баштап биз баарыбыз саясий куугунтук башталды деп билдире баштайбыз, - дейт Жээнчороев Vesti.kg сайтына. - Бул нерселер токтошу керек, эгерде кылмыш ишин ошол берене боюнча козгоого негиз жок болсо укугу жок алардын. Атамбаевдин билдирүүсү өзү башкарган убакта кетирген каталарын башкалар кайталабасын деген чакырык.

Эске салсак, кечээ «Апрель» телеканалында экс-президент Атамбаев кыргызча интервью берди.

Ал Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши жабылышы керек, анткени эксперттер анын сөзүндө кутумдук чакырык жок экендигин аныкташты деп билдирди.

Андан сырткары, Атамбаев Бабановду элдин биримдиги үчүн мандатын жыйыштырып салып, өлкөдөн чыгып кетти.

Белгилүү болгондой, Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши 299 берененин 1 б. негизинде «Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуунун» негизинде козголгон. Экинчи иши болсо, КР КК 297 беренеси 1 б. «Конституциялык түзүлүшкө каршы кү колдонууга эл алдында чыкаырык таштоо» боюнча козголгон. Эки иши тең токтотулган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх