Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Исаевдин кызы: Биздин үй бүлөгө кол салуу - "таанымал диджейдин колунан келген иш"

Бермет Исаева атасынын Абдиль Сегизбаев тарабынан коркутуп басым жасоо болгондугу тууралуу сөзүн ырастады

 Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев ал тергөө абагында жаткан кезде анын үй бүлөсүнө кол салуу болгондугун журналисттерге билдирди.Депутаттын ою боюнча, бул күч түзүмдөрүнүн колунан келген иш. Анын көз карашы боюнча, бул болуп жаткан нерселердин артында ошондогу УКМКнын төрагасы Атамбаевдин ишенген адамы Абдиль Сегизбаев турган. Исаев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаевге адамдарды мыйзамсыз камакка алгандыгы үчүн юридикалык баа берилиши керек деп эсептейт.

Адамдардын тагдырын талкалагандыгы үчүн Абдиль Сегизбаев жооп бериши керек. Жогорку Кеңештин депутатынын кызы Бермет Исаева  Vesti.kg сайтына алардын үй бүлөсүнө күч структуралары тарабынан кол салуу болгондугун ырастады. – мен бул күндү гана эмес, ошол 9 айдын ар бир күнүн эсимде сактап калдым, - деп белгилейт депутаттын кызы.  

- ал күндөрд коркунучтуу түш сыяктуу, мен ал күндөрдү эч качан унутпайм.Ал машинадагы кишилердин ар бир кыймылы жана сөздөрү эсимде. Эсимде, Апам орой жана корс күч структураларынын өкүлдөрү инимди уруп койбосун деп чебелектегени көз алдымда. Алардын күч түзүмдөрүнүн адамдары экендигинде шек жок болчу. Алардын бирөө күбөлүгүн көрсөттү. Мен камерага тарта баштаганда калп эле көчөдө жүргөн адам сыяктанып көрүнө башташты. Биздин машинабызды тинтишкендери эсимде. Биздин машинабыздан мыйзамсыз эч нерсе таба алышпай, бири бирин уят сөздөр менен сөгө башташты. Биздин эмненин негизинде минтип атасыңар? деген сурообузга, “азыр шеф келип, баарын түшүндүрөт” дешти. Алар ошентип баары машинага чогуу отуруп, кетип калышты. Бул күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнү корстугу, оройлугу жоопкерсиздиги жана кызматынан ашыра пайдалануусу эле.

Ошону менен бирге Бермет Исаева ошол адамдардын кылган иштери Сегизбаевдин кызматта турган убактысына туш келээрин айтат. – Биздин жактоочубуз ошол учурда прокуратурага, ИИМге жана ИИМдин ички иликтөө бөлүмүнө арыз жазды. Алардын ичинен бир гана ички иликтөө кызматы гана жооп кылды.

Биз апам экөөбүз түшүнүк кат жаздык. Бизге зарыл болгон чаралардын баарын көрөбүз деп айтышты. Алардын бирөөсүнүн ким экендигин билишти. ИИМдин бир бөлүмүнүн кызматкери экен деп айтышты, ал эми калгандары болсо “конторадан” экен. Аларга кайрылуубузду өтүнүштү. Менин билишимче, ушул иштин артында , атама жана анын жакындарына болгон иш аракетте Сегизбаев турган. Мен эч нерсени оюмдан чыгарган жокмун жана эч кимдин тапшырмасын аткарган жокмун, бул талашсыз. Бирок мен коомчулукка ишенем. Муну мен элдин баарына таанымал “диджейдин колунан келгениш” деп эсептейм.

Эске салсак, теке айынын акырында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевдин кылмыш иши боюнча соттук процесстер токтотулган. Анткени мөөнөтү бүтүп калган. Аны КР КК бир нече оор беренелери менен айыпташкан.Эл өкүлү 9 ай тергөө абагында жатты.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх