Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мурдагы кеңешчисин Кыргыз Республикасынын каржы министри кылып дайындады
Тийешелүү жарлыкка мамлекет башчы бүгүн кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министри кылып дайындаган жана мурдагы ээлеген кызматынан бошоткон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү билдирди.
Эске салсак, Бактыгүл Жээнбаева мурда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз