Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Туруңуз!». Сооронбай Жээнбеков унаа Министрлигинин башчысын элдин көзүнчө тилдеди

Президент премьерден Жамшитбек Калиловду отставкага кетирүүнү суранды

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге унаа Министрлигинин башчысы Жамшитбек Калиловду кызматынан четтетүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлект башчы кезектеги коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди.

«Туруңуз! - деди президент Калиловго. - Мен сиздин ордуңузда болгондо арыз жазып, кетмекмин».

Андан сырткары мамлекет башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, жол жана унаа министрин кызматынан четтетүүнү тапшырды.
«Баарын жоопко тартуу керек. Ал коопсуздук Кеңешине келип алыптыр дагы. Аны кызматтан алыш керек», - деп Жээнбеков сөзүн аяктады.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты жол жана унаа министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин бештин айынын бешинде УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалып, кылмыш иши козголгондугун жазган эле. Аны 50 000 долар пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Министрдин орун басары чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын коргоп берем деп 520 миң доллар сураган, анын 120 миң долларын Жусубалиев мурда алган.

Өз кезегинде жол Министрлигинин башчысы айран таң калгандыгын билдирген, анткени ал орун басарынан муну күткөн эмес.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх