Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бизде азыр мурунку президент жаман болуп жатат. А балким, келечектегиси жакшы болуп калаар»

«Экстерге» саясат менен алектенгенге тыюу салуу - дөдөйлүк?

Мамлекеттин мурдагы жетекчилерине саясатка аралашууга тыюу салууну Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров (Бир Бол) сунуш кылды.

«Американын 6 президенти азыр тирүү, бирок алар эч кайсы партияга кирбейт жана саясатка кайрылып келишпейт, - деп ой жүгүрттү депутат. - Ангела Меркель канча жыл иштеди, партиянын жетекчилигинен кетти, канцлердиктен кетет да, экинчи саясатка кайрылбайбыз дейт. Бизде болсо мурдагы премьер, спикерлер кайрадан бийликке келишет. Келбегиле, концертти токтоткула. Силерде бийликте турганда бир нерсени өзгөртүүгө мүмкуүнчүлүк болгон. Эми китеп жазгыла, айылыңарда, аймагыңарда коммунизмди кура бергиле. Эгерде чындап кайра саясатка келишиңер керек болсо, анда кадимки жарандар сыяктуу болуп келгиле».

Бул сөз экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзамга түзөтүү учурунда айтылды. Демилгечи, депутат курманбек Зулушев Жапаровдун иджеясын колдоду жана аны экинчи окууда талкуу кылууну сунуш кылды.

Ошондой эле ал башка да жолун - эгерде, саясатка келе турган болсо, «экс-президент» деген макамын алып салуу керектигин айтты.

«Мен муну туура деп эсептейм, анткени биз ага ансыз да экс-президент деген макам берип жатабыз, а ал болсо кайрадан партиягы кирип жатат. Анда «экс» деген макамын алып салууга болот», - деп түшүндүрдү Зулушев.

Бирок депутат Алмамбет Шыкмаматов (Ата Мекен) Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Жапаров менен Зулушевдин идеяларын ишке ашыруу Конституцияга каршы келет деп көрсөттү.

- Мурдагы президенттин башка жарандардай эле саясат менен алектенгенге укугу бар, - деди ал. - Мисалы, ал парламентке ат салышса болот.

Юрист Икрамидин Айткулов «эксдердин» укугун чектөө Конституцияга каршы болот дегенге макул болду. Андан да, бул юридикалык жактан максатка ылайыктуу эмес, деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына.
- Президенттик кызматка эки жолу катары менен калууга тыюу салса болот, мисалы, - дейт юрист.
-Ал эми саясатка таптакыр келтирбей коюу туура эмес. Мыйзамда андай жок. Шайлоо укугу деген бар. Бирок саясат муну менен эле чектелип калбайт да. Ошондуктан бул болбогон нерсе.

Айткуловдун ою боюнча, Жапаровдун сунушунмыйзамдуу негизде ишке ашырса болот, бирок бул долбоордун Конституция менен жана башка мыйзамдар менен болгон катышы татаалыраак болуп калат. Андан сырткары, элдер кимге ишеништи өздөрү тандашы керек.
- Тыюу салуулар өтө эле көп болбошу керек, - дейт юрист. - Бизде азырынча гана президент жаман болуп жатат. Балким келечекте жакшы болуп калаар.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгулова саясаттын таал нерсе экендигин эске салды. Бул ички байланыштарды камтыйт, Акылбек Жапаров да ошонун ажырагыс бир бөлүгү. Ошондуктан ал системанын бөлүгүнөн мындай сөздөрдү угуу таң калыштуу, - деп белгиледи ал.

- Демейде президенттикке мурда жогорку кызматтарда иштеген адам келет, - дейт эксперт. - Бул мурунку президент Алмазбек Атамбаевге да тийешелүү. Бир аз убакытка президент болдсо эле аны бул чөйрөгө келишине тыюу салууга мүмкүнбү?

Кыргызстанда саясатчылардын алмашпай келе тургандыгы тууралуу сөздөрдү көп угууга болот, деп белгилейт саясат таануучу. Биздин мамлекеттин көйгөйү эмнеде экендигин алардын баары билишет. бирок бир маселе чечилбеген бойдон дайыма калып келет - эмнеге анда биздин мамлекеттин акыбалы начар?

- Көйгөй эмнеде экендигин баары билишет, бирок аны ким чечет? - деп суроо берет Эсенгулова. - Ошондуктан «эски» жана «жаңы» саясатчынын айырмасы жок. «Акаевчи», «бакиевчи» жана «атамбаевчи» деп бөлүүнүн кажети жок. Эң негизгиси - мамлекеттин өнүгүшүн көрө билип, аны чечүүгө даяр болуу жана ал үчүн жоопкерчиликти алуу.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх