Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Абылгазиев чиновниктердин чуулгандуу кармалуулары болуп жаткан кезде, унчукпай койбошу керек»

Жогорку Кеңештин депутаты министрлер кабинетин чуулгандуу иштер боюнча эл алдына чыгып сөз сүйлөөгө чакырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чиновниктердин чуулгандуу кармалуулары болуп жатканда эл алдына чыгып сөз сүйлөшү керек болчу. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына депутат Калдарбек Баймуратов билдирди.

- Транспорт министрин пара менен кармаганда, премьер эл алдына чыгып сөз сүйлөмөк гана турсун, мекеменин башчысы Жамшитбек Калиловду кызматтан алышы керек болчу, - деди ал. - Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент бул тууралуу айтты.

Өз кезегинде дагы бир депутат Алмазбек Баатырбеков, тескерисинче, Мухаммедкалый Абылгазиевдин дайыма чуулуу иштер тууралуу отчет берип келгендигин белгиледи.

- Министрлер кабинети унчукпай жатат дегенге болбойт, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Кармалган транспорт министринин орун басары боюнча, ал парламентте жооп берди. Ал эми Улуттук банктын төрагасынын кечилген ссудасы маселесинин мыйзамдуулугун боюнча тергөө органдары караш керек. Элдер премьердин ушундай учурда бир катуу иш кылып жиберишин каалап жатышат бейм. мында эч кандай деле жаман нерсе жок. Сөз сүйлөсө деле боло берет.

Түшүндүрө кетели, мурда Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев премьер-министрди өлкөдө чуулуу жаңжалдар болуп жатса унчукпай жатат деп сындаган болчу.

«Министрдин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды. Улуттук банктын төрагасынын болсо 5 миллион ссудасын кечип жиберишиптир. Министрлер кабинетинин башчысы болсо үндөбөйт буга. Элдерге чыгып, мен чөт мамлекетте болчум ошол учурда, деп айтып койбойбу», - деп келтиришти депутаттын айткандарын ЖМКда.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх