Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коңгантиевдин жактоочусу: Башпрокуратуранын кызматкерлери өздөрүн президенттин алдында көрсөтүп коёлу дешкен окшойт

Юрист азырынча мурунку ички иштер министрин УКМКга чакырышаарын билбейт

Икрамидин Айткулов мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Коңгантиевге кайрадан өзүнүн жактоочулук кызматын көрсөтөт. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү айтып берди.

- Мени УКМКга чакырышкан жок, - деди ал. Коңгантиевди чакырышаарында билбейм, бирок бул иштин сотто келечеги болбойт. Анткени иш мындай өңүттө кетсе, анда күнөөсүз адамды камаган болушат. 2010-жылкы чын курандын жетисиндеги кандуу окуяга катышы бар деп жатышат аны оппозиция өкүлдөрү. Коңгантиев бир гана маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн. Президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн, Башпрокуратуранын кызматкерлери, чамасы, ушинтип өздөрүн көрсөтүп коёлу дешкен окшойт. Эгерде иш бул өңүттө кете турган болсо, анда алар күнөөсүз адамды камап салышат. Айыптоо корутундусун чыгарган тергөөчү жана аны ырастаган прокурор да ошол берене боюнча жооп берип калышат.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты өткөн жайда Молдомуса Коңгантиевге карата кылмыш иши токтотулгандыгын жазган. Президент Сооронбай Жээнбеков Башпрокуратурага  мурунку ИИМ башчысынын кылмыш ишин иликтеп жана ага укуктук баа берүүгө тапшырма берген.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх