Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы Министрлиги Кыргызстандын тышкы карызы анча деле көп эмес экендигин билдирет

Мекеме өз дарегине айтылган сындарга жооп берүүнү чечти

Акыркы убактарда Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин дарегине көптөгөн арыздар келип жатат, алар каржы системасындагы коррупциялык элементтердин же каржылык маселе чечүүдө паракорчулук маселелери тууралуу.

 Ушул суроолорго каржы Министрлиги расмий жооп берип коюуну чечти.

Расмий статистика көрсөткөндөй, кийинки убактарда каржы Министрлиги системасы боюнча «коррупцияга» айыпталып бир да кылмыш иши козголгон жок. 2018-жылы каржы Министрлигинин мамлекеттик кызматкерлерине жарандардан бир да арыз түшкөн эмес.

Каржы Министрлиги министрликтин системасында коррупциянын алдын алуу боюнча чараларга көп көңүл бөлөт. Бул үчүн жыл сайын коррупцияга каршы иш чара иштелип чыгып, ишке киргизилет. Бул планды ишке ашырууда мониторинг жүргүзүлүп, каржы Министрлигинин Коомдук кеңеши жана жарандык коомдун Институттары ага катышат.

Андан сырткары, ЖМКда мынчалыккөп тышкы карызды мамлекетибиз төлөй албайт деген сөздөр айтылып келет. Бул маселе боюнча каржы Министрлиги Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери мамлекеттик тышкы карызды өз убагында жана толук өлчөмдө төлөп келет. Карызды жоюучу бардык каражаттар бюджетке кошулган жана график боюнча төлөнөт.

Андан сырткары, эл аралык рейтинг текшерүүчү «Moodyʼs» агенттиги Кыргызстанга B2:Stable рейтингин ыйгарды, бул Кыргызстандын карызы нормалдуу деген сөз.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2017-жылдын бештин айынын отуз бириндеги алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын ИДПга болгон катышы 54% түзгөн, ал эми 2018-жылдын тогудун айынын отуз биринде болсо ИДПга болгон катыш 47,5% түзгөн. Бул мамлекет үчүн таптакыр коопсуз дегенди билдирет жана төлөөгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

 

КР каржы Министрлигинин маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх