Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жамшитбек Калилов президенттин тапшырмасын аткарып туура кылды»

Жүк ташуучулар, депутаттар жана коомдук ишмер транспорт министри Жамшитбек Калиловдун отставкасын туура көрүштү

Анткени ал жол жана транспорт Министрлигинде күчтүү аппарат түзө алган жок. мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына жүк ташуучулар бирикмесинин башчысы Темирбек Шабданалиев билдирди.

- Министр бир эле өзү үчүн эмес, бардык система үчүн жооп берет, - деп эсептейт ал. - Ошондуктан, ал отставкага кетип туура кылды. Өнүккөн өлкөлөрдө лорун басары коррупциялык схема түзсө, мындан башка вариант болбойт. Биз мындай министрлерден кутулушубуз керек. Бирикменин төрагасы уюшкан коррупционерлер менен күрөшүүдө мурунку президент Алмазбек Атамбаевден калган мураскорлор жолто болуп жаткандыгын айтты. Шабданалиевдин сөзү боюнча, азыр коомдук байкоочу Кеңеш жөн эле жүрөь, анын мүчөлөрүнүн болсо эч кандай укугу жок.

- Бул коом коррупция менен күрөшүүдө негизги ролдуойношу керек болчу, - деп баса белгиледи ал. - биз жол жана унаа Министрлиги менен такай иштешип турчубуз, транспорт Министрлигинин алдындагы консультациялык кеңешти түзгөнбүз, анын төрагасы мен болчум. Бирок Калиловдун аппараты алсыз болчу: же сабатсыз кызматкерлер, же көптөн бери отурган начальниктер болчу, алар эч нерсени өзгөрткөндү каалабайт да. Биз мекеменин башчысы менен реформа тууралуу келишим түзөбүз. Ал болсо башкармалыктын начальнигине жүктөйт, ал болсо министрди эч нерсени өзгөртпөөгө макулдатат. Мындай учурларда Калиловдун эрки жок болуп калды.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин депутаттары тергөөнүн жыйынтыгын күтпөй эле Жамшитбек Калиловдун отставкага кетүү чечимин колдошту.

- Албетте, эмнени күтмөк эле, - дейт Vesti.kg сайтына кадарбек Баймуратов. - Ал орун басары пара менен кармалгандан кийин жетекчи болуп ордунда кала албады.

Комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова да ушул ойго кошулат, министр өзүнүн орун басарлары жана мекемедеги бардык жетекчилер үчүн жооп бериши керек деген ойдо болду.

- Эгерде алар мыйзамды одоно буза турган болсо, структуранын башчысы кызматтан кетиши керек, - деп баса белгиледи ал Vesti.kg сайтына. Юрист, коомдук ишмер Манас Кадыров президенттин иликтөө бүткүчө кызматтан кете турууу тапшырмасын аткарып Жамшитбек Калилов туура кылды деп белгилейт. - Министрди туура кылышты, орун басарын пара менен кармап атышса, ал мекемени башкара алмак беле? - деген оюн айтты ал Vesti.kg сайтына.

Бирок, бардык эле жетекчилердин мындай нерсе колунан келе бербейт, деп белгилейт Кадыров. Анын сөзү боюнча, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев №1 жана 18 үй бүлөлүк медициналык борбордогу гинекологдордун бала сатканында, ошондой эле №4 төрөт үйүндөгү окуя болгондо министрлик креслосунда отура берген.

- Бул жерде орун басарынын пара алгандыгы үчүн министр кызматтан кетсе, ал жерде балдарды саткан, - дейт ал. - Бизде акча адам өмүрүнө караганда кымбат турабы? бизде ушундай баалуулуктарбы? Саламаттык сактоо Министрлиги жеке клиникаларга лицензия бере берет бизди. Министрдин болсо ордунан жылуу да оюнда жок.

Эске сала кетели, Vesti.kg сайты президент Сооробай Жээнбеков жол жана транспорт министри Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алды.
Кечээ коопсуздук Кеңешинин жыйынында мамлекет башчы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жол жана транспорт министри Жамшитбек Калиловду тергө убактысында кызматтан четтете туруууну суранды.

Бир нече күн мурун УКМКнын ККК жол жана транспорт Министрлигинин башчысынын орун басары Азимкан Жусубалиевди козголгон кылмыш ишинин алкагында кармашкан. Аны 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх