Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш алдында дагы митинг

Ак үй алдына бүгүн Бишкектеги Профсоюзная көчөсүнүн жашоочулары митингге чыгышты

Буга чейин 14-декабрь күнү Профсоюзная көчөсүндө мыйзамсыз курулган деп бузулуп жаткан турак-жайлардын жашоочулары тарабынан социалдык тармактарда тасмалар тарады. Анда көптөгөн милиция кызматкерлери келип бир чоң үйдүн дарбазасын бузуп киргенин көрсө болот.

100дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар чогулган жерде уруш менен ур-токмок да болгонун көрүүгө болот.

Профсоюзная көчөсүнүн жашоочуларынын айтымында 12 жыл мурун алынган жер тилкесине турак-жайды көп жылдан бери  куруп, турак-жай дагы деле аягына чейин бүтө элек.

12 жылдан бери Бишкек мэриясы тарабынан туура эмес же мыйзамсыз курулду деп бир дагы расмий кагаз же эскертүү берилген эмес.

«Чиновниктер көптөгөн гектар жерлерди ээлеп жатышат, а бизге 4 сотик  жерди да ыраа көрбөй, сот аткаруучулар менен сүрдүрүп жатышат»-деп арызданышты митингге чыккандар.

Алардын айтымында кышында үйү жок калтыргысы келген аткаминер ошол тамдардын артындагы 7-базанын жетекчиси. Митингге чыккандар сүрдүрүлө турган үйлөрдүн ордуна ошол аткаминердин  бизнес долбоору курулмакчы деп билдиришти.

Митингге чыккандар президент Сооронбай Жээнбековтон эл менен жолугуп,арыз-муңун угушун суранышты.

 

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх