Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Ормонов: Новосибирск шаарындагы Консулдук кызматтын иши жаккан жок

Кыргызстандын Россиянын Новосибирск шаарындагы Консулдук кызматынын мигранттарга болгон мамилеси, иштөө ыкмасы парламенттик комитетте каралаарын депутат Эл аралык мигранттар күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чарада айтты

Улукбек Ормоновдун айтымында Россиянын Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына барып, мигранттар менен жолугуп, алардын бүгүнкү ал-акыбалынан кабар алып келишкен.

«Жакшы жагы Бажы биримдигине киргенден кийин мигранттар үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлүп калганын байкадык. Бирок, дагы деле чечилбеген көп маселелер бар. Өзгөчө Консулдук кызматынын жайгашкан жери, эл менен иштөө ыкмасы чоң суроо жаратты. Бул боюнча Парламенттин комитетинде маселе көтөрүлүп, сөзсүз каралат» -деди Улукбек Ормонов.

Екатеринбург шаарындагы мигранттар менен жолукканда негизги маселе бул социалдык коргоо боюнча көп суроолор берилгени маалымдалды.
Жакшы жагы Бажы биримдигине киргенден кийин мигранттар үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлүп калганын байкадык. Бирок, дагы деле чечилбеген көп маселелер бар. Өзгөчө Консулдук кызматынын жайгашкан жери, эл менен иштөө ыкмасы чоң суроо жаратты. Бул боюнча Парламенттин комитетинде маселе көтөрүлүп, сөзсүз каралат. 

«Эмгек мигранттарынын ден-соолугу, алардын ооруп калышы оор маселе боюнча калууда. 2019-жылы Евразиялык уюмда Бир ушул маселе карала тургандыгы айтылды» -дейт депутат.

Мигранттардын каттоого туруу маселеси оор бойдон калып жатканын айткан депутат, алардын балдарын да социалдык жактан коргош керек деди.
Улукбек Ормоновтун айтымында 2006-2007-жылдары миграция маселесине бийлик жакшы көңүл бөлүп, атайын миграция министрлиги иштеген. Жогорку Кеңеште миграция боюнча мурда атайын комитет да бар болгону айтылды.

«2018-жылдын эсебинен эле эмгек мигранттары Кыргызстанга 2 миллиард долларддан ашык акча каражатын которгон. Бул биздин бюджеттен да жогору. Ушул маселени эске алып Өкмөт дагы, Парламент да көңүл бөлүп, өзүнчө министрлик түзүү боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрүш керек. Парламенттин өзүндө дагы миграция боюнча атайын комитет түзүлүш керек. 1 миллионго жакын жарандарыбыз сыртта жүрөт. Аларга жумуш орундарын түзүп бере албагандан кийин мигранттардын чет жакта жүргөн жашоосун жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүшүбүз керек» - деди Улукбек Ормонов.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх