Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда чет элдиктерге иш берүүнү кескин түрдө азайтууну каалап жатышат

Эксперттер депутат Махабат Мавлянованын демилгесин колдошот

«Сырткы эмгек миграциясы тууралуу» мыйзамга түзңтүү киргизүүнүн өтө деле зарылдыгы жок, бирок, Кыргызстандагы кытайлашууну эске алып, баары бир бул маселени кароо керек. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына миграция жаатынын эксперти «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Түшүндүрө кетели, депутат Махабат Мавлянова коомчулуктун талкуусуна «Тышкы эмгек миграциясы тууралуу» мыйзамга түзөтүү долбоорун алып чыкты. Депутат чет элдик жеке ишкерлерге чет элдик жумушчу күчүн алып келүүгө тыюу салууну сунуш кылды.

«Чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын салык органынын патентин алууга укуктуу. Бирок, Кыргыз Республикасындагы жумушчу орундарды коргоо максатында, чет элдик жарандарды жумушчу күч катары Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салуу сунушталат», - деп түшүндүрүлөт негиздөөчү тактамада.

Андан сырткары, Мавлянова Кыргызстанга келген чет элдик биометрикалык каттоодон өтүшү зарыл дейт.

- Мындай маселелер эреже боюнча, өкмөттөр аралык келишимдин деңгээлинде чечилет, же болбосо компания жаңы ачылып жатканда келишим түзүлөт, - деп түшүндүрдү Молдокматов. - Дүйнөлүк практикада андай келишимдер кеңири колдонулат, мисалы жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү чет элдик ишкердин компаниясында иштейт. Ал эми арап өлкөлөрүндө болсо, тактап айтканда Сауд Арабиясында чет элдик ишкер жергиликтүү ишкерлерди өнөктөш кылып алууга милдеттүү.

Эксперт бул мыйзам долбоорду колдош керек экендигин кошумчалады, анткени, Кыргызстанда өндүрүш ачылып эле жатат, бирок кыргыздардын кетүүсү токтобой жатат.

- Мына , тана албай турган мисал, Бишкек ЖЭБин жаңылоодо жалаң гана кытай жумушчулары иштеди, - деп эскерет ал. - Бирок мындай жумуштар үчүн квалификациялуу эмес жумушчулар керек. Аны кыргызстандыктар деле кыла алышат болчу да. Жол курулушунда да ушундай болду. Эмнеге мындай болуп жатат? Жооп берүүгө коррупция жолтоо болот.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх