Сооронбай Жээнбеков: Үй бүлөм менен учурашып, кайра коштошконго гана үлгүрөм
Мамлекет башчы жакындары үчүн убактысы таптакыр жетишпегендигин айтты
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков журналисттерге өзүнүн иш күнү тууралуу айтып берди.
- Мен мурда өзүм тууралуу айтчу эмесмин, бирок азыр президент болгондон кийин, айтууга туура келип жатат, - дейт ал маалымат жыйынында. - Мен 7:30 ишке кетем. Кеч кайтам. Аппараттын кызматкерлери келгиче китеп окуйм, ишке даярданам. Үй бүлөмө убактым жетпей калат. Чынын айтсам, алар тууралуу ойлогонго да буямам келбей калат. Учурашып эле коштошобуз. Алар өздөрү менен өздөрү эле жүрүшөт.
Андан сырткары, мамлекет башчы ар кандай иш чараларга бара албай калгандыгын кошумчалады.
Зулайка Эркимбаева
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз