Сооронбай Жээнбеков: Матраимовдор таза иштешти
Президентти Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басарын кокустан эле коррупционер деп атай салышкандары таң калтырат
Үй бүлөлүк-кландык башкаруу Кыргызстанда болбойт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында билдирди.
- Мен элдер эмнеге чочулап жатышкандарын түшүнөм, ушундан менин атаандаштарым пайдаланып жатышат, - деди президент. - Биз үй бүлөдө 11 уул, кыз болчубуз. Азыр сегизибиз калдык. Кантөрө - илимдин доктору, ректор болуп иштеген. Эки жыл мурун каза болду. Бир эжем - математик, физик. Ал пенсияда. Дагы бир эжем бишкектин бир эмканаларында окууну бүткөндөн бери медик болуп иштейт. Агам Жусупбек качантан бери эле элчи. Ал мен президент болгондон бери алтурсун келгенден коркот бул жакка. Дагы бир эжем - дипломаттын аялы. Ал өлкөдөн сырткары жакта жашайт. Асылбек - Жогорку Кеңештин депутаты. Карындашым бар - үй кожейкеси, кичи бизнеси бар. Эң кичүү иним айылда жашайт жана кичи мекенибизде фермерлик кылат. Бир кудам бар. Иш чаралар болгондо биз балдарды талкуулайбыз, саясчат тууралуу сүйлөшпөйбүз.
Жакында менин тууганымды бир компаниянын бөлүм башчылыгына байындашыптыр. Мен аны ЖМКдан билдим. Анан ал чамасы кызматынан кетти окшойт. Чыгарылыштан кийин. Биз сиздер менен биргеликте үй бүлөлүк кландык башкарууга жол бербейбиз. Мен Жогорку Кеңеште «Мен мактаган адамды эмес, маселе чече турган адамды алып келгиле» деп айтам.
Андан ары мамлекет башчы баарына белгилүү болгон Матраимовдордун темасын козгоду. Тактап айтканда, Бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимовду айтты.
- Силер коррупция менен күрөш болуп жаткандыгын көрүп жатасыңар, - деди Жээнбеков. - 200 ашык кылмыш иши козголду. Алар тандалып козголгон жок. Системалык күрө жүрүп жатат. Өзгөчө чоң кызматтагы чиновниктерге көңүл бурулуп жатат. Матраимов боюнча: Мен былтыр президент болуп келдим. Ушуга чейин сегиз жылдан бери мейли ал коррупционер болгон күндө да, ага эч ким көңүл бурган эмес. Анан эле мен президенттикке келгенден баштап айта башташты. Аны менин кишим деп айта башташты. Матраимовдор КСДП париясынын жыргалчылыгы үчүн ак иштеп беришти. Мен буга таң калам. Коррупция менен күрөшүү баарын тең эле кыйгап өтпөйт. Тууганбы же башкабы карабайт ал күрөш.
Зулайка Эркимбаева
сүрөт www