Жээнбеков: Унаа министринин орун басарын дайындап жатып, анын ушундай адам экенин билбепмин
Президенттен унаа Министрлигиндеги жаңжалдан соң отставкага кетип калайын деген ой болдубу сизде деп сурашты
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экс-президентинин кол тийбестигин алуу тууралуу Башмыйзамга түзөтүү киргизүүгө өз оюн айтты.
- Биздин Башмыйзамда баары мыйзам алдында бирдей деп жазылган, - деп эскертти мамлекет башчы. - Бул мыйзам долбоор мага да тийешелүү. Ар бир адам өзүнүн кылган иши тууралуу ойлонушу керек. Кудай баарын карап тура. Бирок мыйзамда кандай учурда президент жоопко тартылаары так жазылышы керек, анткени президенттин душмандары көп.
Жээнбековдон жол жана унаа министринин орун басары пара менен кармалгандан кийин өзүңүз отставкага кетүүнү ойлогон жоксузбу, анткени бул чоң кызматка ал чиновникти өзүңүз дайындабадыңыз беле деп сурашты.
- Мекеменин башчысы Жамшитбек Калилов отставкага кетти, анткени анын ал орунда андан ары иштегенге моралдык укугу жок болчу, - деп жооп берди Сооронбай Шарипович. - Мен аны өкмөттө иштеп жүргөндө дайындагам. Андай дайындоолор көп болгон, бирок мен анын андай адам экендигин билбепмин. Ал кылган ишинин жазасын тартат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www