Кыргызстандын президенти атеисттерге карата өз оюн айтты
Соронбай Жээнбеков элдер кудайдан корксо, анда Башмыйзамдын кереги жок болот болчу, деп эсептейт
Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү маалымат жыйынында атеисттерге карата өз көз карашын билдирди.
Кыргызстандын президенти динчил адам экендиги белгилүү, беш маал намаз окуп, ар бир сөзүндө кудайда эстеп турат.
Vesti.kg сайтынын суроолоруна жооп берип, кудай аны коррупцияга кириптер болуудан сактагандыгын түшүндүрдү.
- Көптөрү мени өтө эле динчил катары көрүшөт, - деди Жээнбеков. - Бирок менин ишенимим мени сактайт, мени жердеги балекеттен сактайт жана коррупцияга аралаштырбайт. Элдер кудайдан корксо жакшы. Алар кудайдан корккондо, бизге Башмыйзамдын да кереги болмок эмес. Бирок биздин коомдо ар түрдүү адамдар бар. Жакында эле мен динден тышкаркы мамлекет тууралуу темадагы жыйынга катышып сөз сүйлөдүм, ошондо өз көз карашымды билдиргем. Мен бардык адамдарга бирдей мамиле кылаарымды белгилей кетейин.
Зулайка Эркимбаева
сүрөт www