Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясаты үчүн бул жыл кыйын болгондугун айтты
Президенттин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү
Кетип бараткан жыл жаман жыл болгон жок, бирок Кыргызстандын саясаты үчүн кыйын болду. Бул тууралуу президент бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйынында айтты.
Мамлекет башчы шайлоо алдындагы компанияда анын коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртуу тууралуу программасы болгондугун эскертти. Жээнбековдун сөзүнө караганда бүгүнкү күндө көптөгөн маселелер чечилди.
- Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ийгиликтүү өткөрүлдү, - деп белгиледи ал. - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы алкагындагы иш чара өттү. Экономика түшүп кетти дешет. Бирок бул жылы өкмөт алмашып, кадрлык орун алмашуулар болу, экономика өстү. Тактап айтканда Бажы кызматынын кирешеси байкалаарлык көбөйдү. Майыптардын ата энелерине өкмөт аз да болсо айлык менен камсыз кылды. Аймактарды өнүктүрүү да өз нугу менен бара жатат.
Ошону менен бирге Жээнбеков элдердин чет мамлекетке кетип жаткандыгын мойнуна алды, ошол эле убакта Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жаткандыгын да айтты.
- Бул жылы мамлекеттик түзүм өз күчүн аймактарды өнүктүрүүгө багыттады, - деп баса белгиледи президент. - Гранттык каражаттардын дээрлик баары облустарга бөлүндү. Менимче, программа бул бойдон токтобойт. Андан сырткары, «Таза сууга» өзгөчө көңүл бурулду. элдин ичкен суусу таза болбосо, анан кайдан экономика, туризм жана саламаттык сактоо тууралуу сөз болсун. Коррупция менен күрө жүрүп жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары текшерилип жатат. Укук коргоо органдарында реформа башталды. «Коопсуз шаар» долбоору ишке аша баштады. Ишкерлерге жагымдуу шарттар түзүлө баштады.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www