Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Өмүрбек Бабановду акыркы жолу качан көргөндүгүн айтты

Жээнбеков эч кандай Атамбаевдын кызыкчылыгын коргойм деп убада бербегендигин эскертти

Сооронбай Жээнбеков «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылга эч кандай тийешеси жок экендигин айтып ынандырды.

- Мага да бул партиянын азыркы абалы кейиштүү, - деди Кыргызстандын президенти бүгүнкү маалымат жыйынында. - Анткени бул партияда менин да жаштыгым, өмүрүм өткөн. Азыр болуп жаткан нерселерге Жээнбековдорду күнөөлөй бербегиле. Себебин башка жактан издөө керек.

Мамлекет башчы Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши тууралуу эч кандай сөз болгон эмес деп билдирди.

- Биздин КТРКдагы дебатыбыз эсиңиздерде барбы. мен ошондон кийин Бабановду көргөн да жокмун. Ал эми экс-президент менен эмени сүйлөшкөндүгү мага белгисиз. Мен айтып коёюн, президенттикке келе жатканда мени менен эч ким келечекке келишим түзгөн эмес, - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал шайлоо учурунда шайлоочуларга өзү эл арасынан чыккандыгын айткан сөзүн эскерди.

- Мен дыйкан, мугалим болгом жана маселени ичинен билем, - деди Сооронбай Жээнбеков. - Мен элдик президент болом деп убада бергемжана ошонумду аткарам. Мени Атамбаевди сатты деп саткын атап жатышат. Бирок мен ага анын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин. Мен эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын коргойм деп убада бергенмин. Эки жолу революция болду, мен анын себептерин билем. Андай кадамдарга барбайм.

Азыр Бабановго карата ишти токтотуу керек деп жатышат. Бирок биз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Эгерде президен өз каалоосу менен кылмыш ишин ачып, кайра жаба берсе, анда биз бандиттик республика болуп калабыз. Баары мыйзам алдында бирдей. Мен да президент башым менен мыйзамды сыйлайм.

Зулайка Эркимбаева

сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх