Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаевдин тууганы: Мен Өмүрбек Чиркешович ырайым сурайт деп ойлобойм

Камактагы экс-депутаттын тарапташтары да анын Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурашы туура эмес деп эсептешет

Бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин бошотулушу тууралуу маселени кароого даяр экендигин билдирди. Бирок Өмүрбек Текебаев ырайым сураса гана боло тургандыгын айтты.

- Мен Өмүрбек Чиркешович Сооронбай Шариповичтен ырайым сурайт деп ойлобойм, деп билдирет Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» фракциясынын экс-лидеринин тууганы Айбек Султанкулов. - Анын күнөөсү жок. Жарандардын укугун коргоо президенттин түздөн түз милдети. Ал ошол милдетти аткарбай жатат. Сооронбай Жээнбеков саясий куугунтукка кабылган өмүрбек Текебаев сыяктууларды коргоого алышы керек.

Ошону менен бирге камактагы экс-депутаттын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Vesti.kg сайтына Текебаевдин коргоочусу күнөөсүздүгүн далилдейт, ошондуктан президенттен ырайым суроонун кажети жок деп билдирди.

- Үчтүн айынын биринен баштап Өмүрбек Чиркешовичтин ишин кайра кароого негиз бар, анткени жаңы жагдайлар ачылды, - деп түшүндүрдү юрист. - Президент өзү айткандай сот системасына киришпесе, биз анын актыгына 120 % ишенебиз.

Азыр ырайым сурап эмне кылат, Атамбаев ага саясий өңүттө кылмыш ишин козгоп, сотторду өкүм чыгарганга мажбурлаган. Бүгүнкү күнү ал баарын мойнуна алып отурат. Биз эмнеге жарым жолдон кайтышыбыз керек? Текебаев жана биз, коргоочу катары анын күнөөсүз экендигин далилдейбиз. Бул чындыгында саясий иш. Биз өкүмдүн туура эмес чыгарылгандыгын далилдейбиз.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева өз кезегинде Vesti.kg менен болгон маегинде Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабашы керек деди.
- Ырайым сурайбы же жокпу - аны Өмүрбек Чиркешович чечет, - деди эл өкүлү. - Бирок кылбаган иши үчүн түрмөдө отуруу жана ал үчүн ырайым суроо бул Текебаевге үчүн туура эмес. Мен азыр анын позициясын билбейм. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсү жок экендиги - бул факт. Аны жаманатты кылышты. Аны жаманатты кылган адам азыр алдамчылыгы үчүн түрмөдө отурат. Бул көп несени каңкуулайт. Менимче, Текебаевдин ишин кайра кароого жөнөтүп жана актатканга жетишүү керек.

Медина Купсулдаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх