Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дмитрий Орлов: Эгерде Жээнбеков бир да жолу пара албаса, анда ал ыйык окшойт

Эксперттер жана чиновниктер президенттин коррупцияга болгон көз карашы тууралуу билдирүүсүнө комментарий беришти

Президент Сооронбай Жээнбеков чынында эле өзүнүн саясий карьерасында пара алып жана бербеши мүмкүн. Мындай деген ойду белгилүү саясат талдоочу Бакыт Бакетаев айтат.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстанда пара деген сөздү ар кандай түшүнүшөт.

- Юридикалык көз караш менен алганда, пара албай жана бербей жашоого болот, - дейт ал Vesti.kg сайтына.
- Бизде Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш кодексинде пара деген терминге так аныктама жок. Бул түшүнүккө ар нерсе туура келе бериши мүмкүн. Мисалы, дарыгер операция жасаса, мен ага кой союуп туруп, жарымын берем. Мен үчүн бул ыраазычылык.

Саясий жактан аппак барактай болушка, Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев ишенет.
- Пара бергиче бара бер, - деп баса белгиледи Эмилбек Саламатович Vesti.kg сайтына. - Эгерде Сооронбай Шарипович эч качан пара албаган болсо, анда мен ага ишенем. Элдин баары эле паракор эмес да. Бардык жакта коррупция деген бул ар тараптуу ой. Чындыгында андай эмес.

Президенттин жообуна анча ишенбей караган саясат талдоочу, «Чыгыш-Батыш стратегиясы» аналитикалык борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов болду. Жээнбековдун билдирүүсүнө карата Vesti.kg сайтына комментарий берип жатып, ал биздин коомдо коррупцияга илешпей жашоо мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

- Мен Сооронбай Шариповичти жактай албайм, бирок биздин коомдо парасыз жашоо кыйын, - деди Орлов. - Паранын бир канча түрлөрү бар. Биринчиси - кандайдыр бир ыйгарым укугу бар кишиге кызмат көрсөтүп бер деп берилет. Экинчиси - тигил, же бул ишти бүтүрүп бер деп акча берет. Үчүнчүсү - адамды жолтоо болбо деп пара берет. Анан биздин азиаттык коомубуздагы мыйзам менен салттын келишпестиктериндеги коррупция тууралуу айтабыз. Мурда макамы сенден жогору турган адамга куру кол баруу уят болчу. Ошондуктан парасыз жашоо мүмкүн эмес. Эгерде Жээнбеков пара албаган болсо, демек ал ыйык бейм.
Ошону менен бирге эксперт мамлекет башчынын мени коррупциялык иштерден кудай сактайт деген билдирүүсүнө комментарий берди.

- Кудайга ишенүү эч кимди кылмыш кылуудан сактап калган эмес, - деп сөзүн аяктады Орлов.

Эске салсак, кечээ «Алар-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болду. Ал жыйындын жүрүшүндө ал өмүрүмдү пара алган эмесмин жана берген да эмесмин деп билдирди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх