Кожобек Рыспаев: Мени фракциядан чыгарып салышканда эч ким болушкан эмес
Парламентте жаңы вице-спикерди КСДПдан шайлоо тууралуу маселени талкуулашат
Парламентте Жогорку Кеңештин вице-спикерин шайлоону же шайлабоону билишпей көпкө чайналышты.
Депутат Иса Өмүркулов бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды, бирок анын кесиптеши Ирина Карамушкина каршы болуп, төарагадан бул сунушту кабыл албоону суранды.
- Фракциянын чогулушу эрежени бузуу менен өттү, - деп билдирди ал. - бул жерде фракциянын вице-спикерден кутулалы деген ою билинип эле турат. Бирок жок дегенде анын өзүн чакырып койсо болмок да. Ошондуктан жыйын дагы бир жолу болуусун суранам. Биз Асель Кодуранованы эмне үчүн алып салып атканын да билбейбиз керек болсо.
Өз кезегинде Иса Өмүркулов ага макул болбой, фракциянын жыйыны эң эле туура болгондугун жана кворум да болгондугун баса белгиледи.
- Биз мыйзамдуу чечим кабыл алдык, тийешелүү комитет да карады. Бул маселени чечүүгө эч кандай каршылык жок, - деп жооп берди ал Карамушкинага.
Ал ортодо «Ата Мекендин» өкүлү Алмамбет Шыкмаматов бул кырдаалды Кодуранова өзү түшүндүрүп берсин деди.
- Жанар Акаевди фракциядан чыгарып жатканда, башка депутаттар каршы болсо, бул фракциянын иши дегенсиз, - деди ал. - Эми болсо партиялаштар дагы бир жолу чогулсун деп жатасыз. Вице-спикер алмашса дүйнө астын-үстүн болуп кетпейт. Добуш берүү керек.
Бул энең байтал айтышууга КСДП фракциясынан чыгарылган Кожобек Рыспаев аралашты.
- Мени фракциядан чыгарып атканда эч кимиң болушкан эмессиң, - деди ал. - Бирок мен баары бир келип, силердин эмне дегениңерди угуп отургам. Кодуранова деле келип отурса болмок да.
Акырында депутаттар жаңы вице-спикерди шайлоону чечишти.
Вероника Малышева
Сүрөт www