Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков соттордон Сооронбай Жээнбековго эки ооз сөздү жеткирип коюуну суранды

Мурунку премьер сот процессинде сотторго алардын ар бир кыймылын президенттин аппараты көзөмөлдөп тургандыгын айтты

Мурунку премьер Сапар Исаковдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча сүйлөгөн сөзүнүн текстин КСДП маалымат кызматы жарыя кылды. Уктуруу Бишкек шаардык сотунда 2018-жылы бештин айынын он сегизинде болду.

Сапар Исаков «Суурдун көргөн күнү» деген фильм анын эсине түшүп кеткендигин процессте айтты.
- Мени бул жакка алып келишет, баягы эле кишилер, баягыдай эле чечим чыгарышат. Мейли, мунун баары мага түшүнүктүү.
Мен бир маанилүү нерсеге токтоло кетейин. Биринчиден, мен дайыма ЖМКга Кыргызстандан эч жакка качып кетпейм деп айтып келем. Биринчи эле талап кылышканда, мен тергөө органдарына дипломаттык паспортумду, кызматтык паспортумду, жалпы жарандык паспортумду жана ID-картымды тапшырдым. Суракка 15 мүнөт эрте келдим, күттүм, бөгөт коюу чарасы көрүлбөөсүнөн үмүт кылдым. Бөгөт чарасы адегенде эч жакка кетпөө деп көрүлгөн болчу.

Мен дайыма эле ушул жердемин, жарандардын көзүнчө айткамын. Бирок азыр урматтуу сот Сизге кайрылып жатам. Силер атайылап мени качсын дедиңер, бирок мен качпайм. Анткени дайыма улуттун кызыкчылыгы үчүн берилип иштеп келгем. Дайыма ошондой ойдо кала берем. Ал эми бул ишти атайын саясатташтырып ойноп аткандар жакшылык көрбөйт. Ишенип коюңуз. Менин айтайын дегеним, ушул иштин баарынын артында президенттин аппараты турат жана силердин ар бир кыймылыңар көзөмөлдө турат. Ошондуктан мен айтат элем, бул жерде органдын өкүлдөрү отурат, алардын артынан жана менин процессимди Сооронбай Жээнбеков жеке өзү көзөмөлдөп турат. Мен сиздерден дагы бир жолу өтүнөм, менин сөзүмдү жеткирип койгула, мен дайыма өз өлкөмдүн кызыкчылыгы үчүн иштегем. Ал мени 30 жылдан бери билет, атамды да жакшы билчү. Мен эч качан менин дарегиме коррупция боюнча иштерди жармаштырган эмесмин.

Мен кай жерде иштебейин: тышкы иштер Министрлигиби, президенттин Аппаратыбы же Өкмөттөбү менин алдымда турган ишке мен принципиалдуу мамиле кылаарымды билишет. Кудай бар, кандай болгон күндө да адилеттүүлүк жеңет.

Тилекке каршы мен президенттин аппаратында жана премьер-министр болуп иштеп жүргөндө УКМКнын дубалынын артында, сотто эмнелер болуп жаткандыгын билбептирмин. Мен УКМКда отуруп, чынында эле биздин мамлекетте көп көйгөйлөр бар экендигин түшүндүм. Мына бүгүн эми мен саясий куугунтукка кабылгандардын мисалында болуп отурам.


КСДП маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх