Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаратылышты сактоо боюнча жыйынтыктар орто деген баага татыды

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттиги жаратылышты коргоодогу акыркы 4 жылда жасалган иш-чаралар боюнча жыйынтык чыгарды

Бириккен Улуттар уюмунун жаратылышты сактоо боюнча кабыл алган Конвенциясынын алдында Кыргызстан алган милдеттеринин аткарылышы боюнча 6-Улуттук отчет талкууланды.

Жаратылышты сактоо боюнча иштеген эксперттер биологиялык ар түрдүүлүктүн абалы жана ал алып келген коркунучтардын анализдеринин корутундуларын чогултушкан.

Жыйынтыгында жаратылышты коргоо саясатында,башкаруу жана илим-билим тармагындагы оң жана терс өзгөрүүлөр бар экендигин аныкташкан.
Аймактардагы жергиликтүү жашоочулар тарабынан демилгеленген иш-чараларга өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Анткени, алар жер-жерлердеги биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына түздөн түз таасирин тийгизе алышат.

Гендер маселелери жана экологиялык билим берүү боюнча эксперт Анна Кириленконун пикиринде жаратылышты коргоодо, аны сактоо үчүн айрым мыйзамдарды кабыл алууда аялдардын көп болушу шарт.

6-Улуттук отчетту даярдоочу топтун эксперти Мирбек Ильясов биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагын башкарган система жаңыланыш керек деп эсептейт. Анын айтымында экосистемаларды калыбына келтириш керек жана каржы ресурстарын мобилизациялоо зарыл.
Жетектөөчү эксперт Фарида Балбакова биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча аймактык жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү керек деп эсептейт. Анын пикиринде экосистема кызматтары жана биологиялык ар түрдүүлүктүн ресурстарын көп өлчөмдө пайдаланган жергиликтүү жашоочуларды социалдык жактан коргоону күчтөндүрүш учурдун талабы.

Ошондой эле жаратылышты пайдаланган айыл жашоочуларынын экосистемалар боюнча билимин жогорулатууну мамлекеттик деңгээлде колдоо пикирлери айтылды.
Орчундуу маселелерди камтыган ар бир отчеттон кийин суроо жооптор жүргүзүлүп, кошумчалар жана айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары берилди. Кыргызстан дүйнөнүн 170 өлкөсүндөй эле БУУнун Конвенциясынын катчылыгына жаратылыштын өзгөрүшү боюнча улуттук отчетун ар бир 4 жылда даярдап жөнөтөт. Бул жыйынтыктар 2020-жылдан ары жаратылышты сактоо боюнча иш-чараларды пландоого жардам берет.

Акылай Рахматулла

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх