Президенттин сөзүнө деле карабастан, Райым Матраимовдун кирешесин чамасы, эч ким текшербейт окшойт
Башпрокуратурага МБК башчысынын мурдагы орун басары боюнча материал келип түшкөн эмес
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын мурунку орун басарынын материалдык абалы азыркы учурда текшерилген жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Башпрокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
- Башпрокуратурага Райымбек тууралуу материалдар келип түшкөн жок, - деп маалымдашты көзөмөл органындагылар. - Чамасы, салык кызматы декларация боюнча текшергенден кийин документтер бизге келип түшөт окшойт. Болбосо УКМК текшерет.
Мамлекеттик салык кызматында Vesti.kg сайтынын коомчулукка «Раим миллион» деген ат менен белгилүү болгон Матраимовдун декларациясы текшерилип жатабы деген суроосуна жооп бере алышкан жок. МСК маалымат катчысы Эркин Сазыков ыйгарым укуктуу бөлүмдөн жооп алуу үчүн бир суткадан ашуун убакыт өтөт деп түшүндүрдү.
- Декларацияны биз 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча карайбыз, - деди салык кызматынын өкүлү. - Эгерде ал аны тапшырган болсо, анда документти текшергенге болот. 2015-2016 жыл үчүн бул маселеге ыйгарым укуктуу болуп Мамлекеттик кадр кызматы бекитилген болчу. Текшерилген адамдардын тизмесин МСК коммчулукка бере албайт, анткени мыйзам боюнча мындай маалыматтар прокуратура органына укуктук баа берилүү үчүн өткөрүлүп берилет.
Сазыков түшүндүрүп бергендей, Райымбек Матримовдун декларациясы өзүнүн макулдугу боюнча гана жарыяланат.
Өз кезегинде УКМК маалымат кызматы комментарий үчүн жеткиликсиз болду.
Эске салсак, кечээ мамлеккеттик «Ала-Арча» резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоо маалымат жыйыны болду. Анын жүрүшүндө ал журналисттерге МБК башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга болжолдуу аралашышы тууралуу текшерүүү болоорун билдирди.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www