«Кудайбердиева «Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери» деген наам алат, бирок аны кетирүү керек»
«Жаңы окуу китебиндеги каталарды калем менен текшерип, оңдой албайм» деген министр
Кыргыз Республикасынын билим берүү министри Гульмира Кудайбердиевага «Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери» деген наам бериши мүмкүн. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, Элчилик академиясынын мурдагы проректору, профессор Кайрат Осмоналиев өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Жеке булактардын маалыматтарынан билим берүү министри Кудайбердиева билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер наамын алууга көрсөтүлүп жаткандыгы белгилүү болду! Бул таптакыр жарашпай турган иш, ал министрликте эмне кылып койду… Шермендечилик! Ал отставкага кетиши керек», - дейт ал.
Чиновник иштеген мезгилинде жаман нерселери менен айырмаланганы үчүн ардактуу наам алышы керекпи деп нааразы болот юрист. Коопсуздук Кеңешинин алдындагы коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча комиссиянын мүчөсү катары, Кайрат Осмоналиев билим берүү Министрлигинде коррупцияга каршы күрөш талкаланып калганды деп эсептейт.
- 150 пункттун ичинен эптеп-септеп 46 пайызы гана аткарылды, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Пункттардын жарымына Кудайбердиева али жеткен да жок. Бул анын жеке жоопкерчилиги. Коорупцияга каршы иш чараны ишке ашырууну талкалап салган кишини мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү - сандырактык эмей эмне?
Жаңы окуу китептериндеги каталар тууралуу ЖМК кеңири сөз кылган, анын арасында Vesti.kg сайты да бар. Юрист ушундай кесиптик шермендечиликтен кийин аны «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» наамына татыктуу дегендерге айран таң калат.
- Ал баарынан четке кагылды жана эч кандай жаза алган жок, - дейт Кайрат Медербекович. - Мен анын дагы көп нерселерин айткан жокмун.
Юристтин сөзү боюнча, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын мүчөлөрү да болуп жаткан нерселерге нааразы, бирок ачык айтуудан коркуп жатышат.
- Мен Кудайбердиеванын ишмердүүлүгүн зыянкечтик деп эсептейм, - дейт Осмоналиев. - Ага сыйлык бербей эле, кууш керек ал жерден. Болбосо президент кол коюп коёт, анан баары нааразы болот.
Профессордун сөзү боюнча, сыйлык алууга талапкерликтин документтерине статс-катчы кол койгон. Расмий версия боюнча, министр бул тууралуу билбейт экен.
Белгилей кетели, «КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамын алган адамга ай сайын айлыгына 2 миң сом кошумча, өлгөндөн кийин Ала-Арча көрүстөнүнөн орун жана расмий көңүл айтуу болот.
- Менин билим берүү тармагына тийешем бар, менин окутуучулук эмгек жылым - 24 жыл, мен профессормун, - дейт Осмоналиев. - Мен билим берүү Министрлигинде болуп жаткандарды көз айырбай карап турам. Бирок Кудайбердиеванын мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнүн угуп чыдай албадым.
Кыскасы, акыркы маалыматтар боюнча, билим берүү министринин документтерин кайра чакыртып алып жатышат деп кошумчалады ал. Чамасы, социалдык тармактагылардын нааразычылык толкунунан кийин болду окшойт деп божомолдойт юридика илиминин доктору.
Бирок Кайрат Осмоналиев бул ишти баары бир жөн койбойм дейт.
«Жаңы жылдан кийин билим берүү Министрлигиндеги коррупцияны изилдегени жатам, - деп жазат ал фейсбуктагы өз баракчасына. - Кандайдыр бир маалыматтар бар менин колумда. Эгерде силерде конкреттүү малыматтар болсо Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. почтасына салып жибергиле. Биргелешип министр Кудайбердиева кылган башаламандыкты ордуна келтиребиз».
Ольга Федорчук
Сүрөт www