КСДП: Жээнбеков 2016-жылы эле Матраимов тууралуу ооз эки тапшырманы четке каккан
Сапар Исаков ошондогу премьерге МБК башчысынын орун басары тууралуу маалыматты берген
Алмазбек Атамбаев МБК башчысынын орун басары Райымбек Матраимовду 2016-жылы эле кызматтан алууну суранган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
- Кечээ бизге Сапар Исаковдун жактоочусу чалып, Сапар Жумакадыровичтин бул кырдаал боюнча түшүндүрмөсүн айтты, - деп маалымдады ал. - Анткени Сапар Исаков 2016-жылы өкмөттүн аппаратында иштеген, ал эми Сооронбай Жээнбеков болсо премьер-министр болчу. Ошол мезгилде Алмазбек Атамбаев Исаков аркылуу Жээнбековго Матраимовду кызматтан алуу сунушу менен ооз эки тапшырма берген. Матраимов тарабынан мыйзам бузуулар ошол маалда эле белгилүү болгон.
Жолдубаева Сапар Исаков президенттин тапшырмасын аткаргандыгын кошумчалады.
- Сооронбай Жээнбеков ошондо макул болгон, бирок Райымбек Матраимовду иштен алган жок, - деди ал. - Сапар Жумакадырович ошондой сөз болгондугун качан болсо ырастаганга даяр.
Түшүндүрө кетели, Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал президент болуп келгенден кийин эле Райымбек Матраимов тууралуу айта башташты деп таң калды. Мурда бул маселе эч кимди кызыктырган эмес.
«Матраимовдордун үй бүлөсү дайыма КСДПга кызмат кылган, ал эми мен президент болуп келээр менен эле алар керексиз болуп калышты. Бул логикага жатабы?», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Вероника Малышева
Сүрөт www