Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министри өзүнө «эмгек сиңирген» наам берүү тууралуу постту өчүрүүнү суранды

Билим берүү Министрлигинде маалыматты четке кагышты: Гульмира Кудайбердиева Кайрат Осмоналиевге жөн гана анын жаңылып калгандыгын айтты

Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиева «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» деген наам алууга документ даярдап жатат маалыматты четке какты.

Мекеменин маалымат кызматы Vesti.kg сайтына ал фейсбукка наам алганы жатат деп жарыя кылып жиберген юридика илиминин доктору, БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев менен сүйлөшкөндүгүн билдирди. Андан соң, профессор соцтармактагы өзүнүн чыгарылышын өчүрдү.

- Наам алууга көрсөтүүнү министрликтин жамааты өткөрөт, - деп айтышты андагылар. - Ал эми жамааттын төрайымы болсо - министр Кудайбердиева өзү. Ал жамааттын эч кандай чечимине кол койгон эмес.
Сыйлык документтерине статс-катчы Жапаркул Ташиев кол койгон.

Кайрат Осмоналиев болсо Vesti.kg сайтына жазгандарын билим берүү Министрлигинин өтүнүчү менен өчүргөндүгүн жана ал сөзүнөн кайтпай тургандыгын билдирди.

- Гульмира Кудайбердиева менден адамгерчиликтүү суранды, мен эч нерсе билбептирмин, документтерди кайтартып алам деди, - дейт ал.
- Бирок мен билем да, мындай иштерге жамааттын чогулушунда чечим кабыл алынат жана ал тууралуу министр билбей калышы мүмкүн эмес. Бирок мен жазгандарымды өчүрүп койдум. Аял киши менен тартышып эмне кылам. Анткени менен бул маалыматты башка баракчаларда, жана ЖМК жарыялап жибербедиби.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Осмоналиевдин билим берүү министри Гульмира Кудайбердиева өзүнө «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» наамын алганы жатат деген сөзүн чыгарган эле.

«Өздүк булактардан билим берүү министри Гулбмира Кудайбердиеванын «билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» наамын алганга көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду! министрликке кылган кайсы жакшылыгы үчүн… Шермендечилик! ал отставкага кетүүгө тийиш», - деп жазган ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына. Юрист Кыргызстандагы мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыз кылууну жана коррупция менен күрөштү ишке ашырбай талкалагандыгы үчүн чиновник ардактуу наам алабы деп нааразы болгон.

Профессордун сөзү боюнча, КР мамлекеттик сыйлыктар боюнча кээ бир мүчөлөрү бул нерсеге нааразы, бирок ачык айтуудан айбыгышат.
- Мен Кудайбердиеванын ишмердүүлүгүн зыянкечтик деп эсептейм, - дейт Осмоналиев. - Аны сыйлабай эле кууш керек ал жерден. Болбосо азыр президент кол коюп салат да, анан элдин баары нааразы болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх