Салык кызматы Райымбек Матраимовдун декларациясын баары бир текшере турган болду
МСК 2017-жыл үчүн декларацияны МБК башчысынын мурунку орун басары тапшыргандыгын айтышты
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары эл арасында «Раим миллион» деген ат менен белгилүү болгон Райымбек Матраимовдун декларациясы текшериле турган болду.
Эске салсак, кечээ МСК маалымат катчысы Эркин Сазыков Vesti.kg сайтына анын мүлкү жана кирешеси тууралуу маалымат эгерде ал 2017-жыл үчүн декларация тапшырган болсо гана текшерилет деп билдирген болчу.
- Азыр мамлекеттик жана саясий кызматтагылардын декларациялары текшерилип жатат. Ушул иш чаранын алкагында Матраимовдун декларациясы текшерилгени жатат, - деп маалымдады МСК Vesti.kg сайтына.
Эске салсак, мурдараак Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында МБК башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга катыштыгы бардыгы тууралуу арыз фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлөт деп билдирген.
Зулайка Эркимбаева
сүрөт www