Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Спикер Дастан Жумабеков Текебаев дарыланып жаткан Улуттук кардиологиялык борборго келип куттуктады

Камактагы саясатчы аны көргөнү келген депутаттарга жакында чыгаарын билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев мурдагы күнү 60 жылдык торколуу тоюн белгиледи. Саясатчы өзүнүн туулган күнүн Улуттук кардиология борборунда өткөрдү.

«Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын мурунку лидерин белгилүү саясатчылар жана партиялаштары куттукташты. Алардын арасында мурунку премьер-министр Феликс Кулов да болду.

- Биз ага эч нерсе белек кылган жокпуз, анткени белектер текшерүүдөн өтүшү керек болчу, - деп түшүндүрдү  Vesti.kg сайтына Феликс Шаршенбаевич. - Аны жөн гана куттуктап, ден соолук кааладык. Ал өзүнө ишенимдүү жана сергек турду. Эркек деген эркек да. Андай нерсеге башты салбайт. Тамашалашып, күлүп турду. Эл аябай көп болду. Ал палатадан чыгып келди, биз ага коридордо жоолуктук.

Мурдагы депутат Чолпон Жакупова Өмүрбек Текебаевге кызыл розадан жасалган букет тапшырды. Ал Vesti.kg сайтына бул букеттин мааниси тереңдигин билдирди.

- Парламентте президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери менен лидерлери Кубатбек Байболов жана Өмүрбек Текебаев болгон оппозициячыл депутаттардын ортосунда катуу тирешүү болгон, - деп эскерет Чолпон Идиновна. - Биз анда тааныш эмес элек, мен колдоо иретинде ага айдоочум аркылуу эки чакага толтуруп голландиялык розаларды жибергем. Ал Ыйык Валентиндин Күнү болчу. Аны менин жибергенимди бир жарым жылдан кийин билишти. Бул жолу да мен Текебаевдин аялы аркылуу бир чака голландиялык розаларды белек кылдым. Менимче, бул өңдүү көңүл буруу өтө маанилүү.

«Ата-Мекен» фракциясынын азыркы лидери Алмамбет Шыкмаматов өз кезегинде Текебаевге китеп белек кылды. Шыкмаматов «Ата-Мекен» партиясынын лидеринин туулган күнү республикалык деңгээлде өткөндүгүн айтты.

- Биздин партиялык ячейкалар майрамдоону аймактарда да өткөрдү, - деп баса белгиледи ал. - Андан сырткары, биз Бишкектин ресторандарынын биринде журналисттерди, саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди чакырып иш чара өткөрдүк.

Куттуктаганы Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да келди. Андан сырткары өмүрбек Чиркешовичке мамлекет башчы өзү чалып куттуктады. Ресторанга 300 ашуун адам келди. Мен Өмүрбек Текебаевге жазуучу Осмонакун Ибраимовдун Чыңгыз айтматов тууралуу китебин белек кылдым.

Шыкмаматовдун сөзү боюнча, Текебаев саясатчылар менен жоолугушуу учурунда аны жакында бошотоорун билдирди.

- Өмүрбек Чиркешовичтин маанайы жакшы экен, - деп белгиледи эл өкүлү. - Ал жакында чыгаарына жана адилетүүлүк орношуна бекем ишенет.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх