Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кош жарандуулугу үчүн мандатынан айрылган депутат АШК чечимине арызданат

Боршайкомдун жамааты бул арызды эртең карашы керек

Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын кош жарандуулугу бар үчүн алып салышты, ал аймактык шайлоо комитетинин чечимине нааразылык арызын БШКга жолдоду. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына билдирди.

- Эртең БШКда жыйын болот, анда менин арызымды карашат, - деп маалымдады ал. - Жамаатта 11 киши бар. Алардын чечиминен кийин сотко берээр, бербешим анык болот.

Мурда Жусупбек Коргонбай уулу Vesti.kg сайтына Бишкек аймактык шайлоо комитетин сотко береин деп жатам, анткени менде эч качан орусиялык паспорт болгон эмес деп билдирген болчу.

Эске салсак, бештин айынын он тогузунда Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурун токтотулган. Анын чет элдик паспорту бар экендигин Орусиянын адилет Министрлиги тастыктаган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх