Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку соттун мурунку төрагасы: Текебаевге мунапыс берүүнү ишке катышы жок үчүнчү жак сурап жатат

Ал ортодо Роза Отунбаеваны парламенттик фракциялардын лидерлеринин бардыгы колдоп чыгышты

Камактагы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн ишке тийешеси жок үчүнчү жак президентке жолдоду, ошондуктан анын каралышы белгисиз. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Жогорку сотттун мурунку төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов бөлүштү.

- Мыйзамда мунапыс комиссиясынын абалы тууралуу жазылган, анда ырайым кылууну соттолгон кишинин өзү сурашы керек экендиги айтылат, - деп түшүндүрөт Курманбек Эргешович.

- Ал ырайым суроо президентке келгиче, мунапыс боюнча комиссияда каралат. Ал кароодо Башпрокуратуранын, Жогорку соттун жана башка укук коргоо органдарынын корутундулары эсепке алынат. Ушундан кийин гана комиссия бүтүм чыгарат.
Ал дагы бир башкача көз караш бар экендигин кошумчалап, ага кээ бир саясатчылар таяна тургандыгын айтты.

- Алар президент соттолгон кишинин ырайым суроосуна карабай эле мунапыс берип коёт дешет, - деп белгиледи Осмонов. - Эгерде мыйзамда саясатчы же депутат үчүнчү жакка ырайым суроосу тууралуу жазылган болсо анда башка кеп эле. Бирок депутаттар өздөрү өзгөртүү киргизишпеди беле, депутат сотто өтүнүч келтире албайт дегенди киргизип алышкан. Депутаттар биздин кылмыш мыйзамдардын көбүн өзгөртүп жиберишкен, эми өздөрү кылган иштин жемишин жеп отурушат. Мурда ондогон, жүздөгөн адамдар депутаттарга кайрылып карым катнаштык чөйрөдө жардам берүүсүн суранышчу, эми ал норма жок.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин өзү да ага ырайым кылуусуна каршы экендигин эскертти.

- Ырайым кылынган же мунапыс берген учурда анын соттуулугу калып кала берет, - деп баса белгиледи ал. - Ошондо ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган болуп калабы. Бирок Текебаев өзүнүн актыгын айтып, күрөшүүгө даяр экендигин айтып жатпайбы. Бирок соттуулугу соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда жок кылынса болот. Ошол жерде үчүнчү жак өтүнүч келтирсе болот.

Түшүндүрө кетели, бүгүн экс-президент Роза Отунбаева ырайым Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу тууралуу өтүнүчүн Сооронбай Жээнбековго жолдоду. Андан сырткары, ал бардык фракция лидерлерин өзүнүн өтүнүчүнө кошулуусун суранды.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Роза Исаковнанын демилгесин колдоорун Vesti.kg сайтына билдирди.

Ал арада ЖМКда Жогорку Кеңештин бардык фракция лидерлери Текебаевге ырайым кылуусун колдогон документ пайда болду.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх