Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тергөөчүлөр кимдир бирөөнүн айтуусу менен эле телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшай башташабы?

Жогорку Кеңештин депутаттары премьердин өзгөртпөө мораторийи тууралуу чечимин колдошпойт. Алар жаңы мыйзамдын карама каршы жана чийки жерлери көп экендигин айтышты

КР Кылмыш кодекси мынчалык көп сандагы карама каршылыктары бар жана чийки мыйзамды иштетүүгө даяр эмес. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин бир нече депутаты бөлүштү.

Анткени, 2019-жылы үчтүн айынын биринен баштап жаңы Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш-аткаруу кодекси, ошондой эле КР эреже бузуулар жана кылмыштар тууралуу Кодекси күчүнө кирет.

Ошону менен катар эле бул кодекстерге өзгөртүү киргизүүгө мораторий кошо аракетке кирет. 2020-жылдын үчтүн айынын бирине чейин аткаруу бийлигинин органдары аларга түзөтүү киргизүүчү мыйзам долбоорлорду демилгелей албайт.

- ындыгында бул өтө жакшы деле ой эмес, дейт Таабалды Тиллаев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде («Республика - Ата-Журт»). Жаңы кодексте көптөгөн каталар бар. Алар менен иштеген органдар азыр кыйналып жатышат. Менимче, адегенде системаны иштеп чыгып туруп, анан тораторий киргизиш керек. Анын «Өнүгүү-Прогресстен» кесиптеши Исхак Масалиев түзөтүү киргизүүгө мораторийди коё туруш керек экендигин айтат. Анткени жаңы кодекске толгон токой суроолор пайда болду:

- Мисалы, кодексте мыйзам бузуулар айтылат, алардын баары бирдиктүү даектик базага киргизилээрин айтышат, а бирок база өзү жок, - дейт депутат Vesti.kg сайтына. - Ошондой эле ал жерде кылмыш ишин ар бир арыздын негизинде козгойбуз жана бул шектүүнү телефон аркылуу тыңшоого укук берет деп айтылат. Башкача айтканда, кимдир бирөөнүн сөзүнүн негизинде элеби? Анан да, депутат мындай жаңы мыйзам менен соттор жана тергөөчүлө иштегенге көнө элек экендигин айтат. Азыр андан көрө бардык күчтү аларды окутууга жумшоо керек, деп эсептейт ал.

Айнуру Алтыбаева (СДПК) жалпысынан премьер-министрдин идеясын колдойт, бирок анын оюнча, бир жыл - мындай мораторий үчүн өтө эле көптүк кылат. Депутаттын ою боюнча, 6 ай жетишмек.
- Жашоонун өзү ар кандай өзгөртүүлөрдү талап кылат, - деп түшүндүрөт ал Vesti.kg сайтына. - Мисалы, мен кыз уурдоофактысына жазаны катаалдантуу тууралуу мыйзам долбоор даярдап жатам. Бирок жарым жыл мораторий кргизүү жетиштүү деп ойлойм.

Белгилей кетели, мораторий Конституциялык мыйзамдарга катышы бар учурларга тийешеси жок, «Коопсуз шаар» жана «Акылдуу шаар», мөөнөтү өткөндүктү өзгөртүү жана келтирген чыгымдын ордун толтуруу тууралуу долбоорлорду ишке ашыруудагы Жогорку соттун Конституциялык палатанын чечимин аткарууда ал эске алынбайт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх