Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев: Кээ бир саясий күчтөр Башмыйзамды кайрадан өзгөртөбүз деп жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандын Башмыйзамын он жолу өзгөртүштү, бирок жашоо оңолгон жок дейт

Тынымсыз Башмыйзамды өзгөрткүчө, Кыргызстандын элинин турмушун жакшыртуу керек. Мындай деген пикирин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин пленардык жыйынынды билдирди.

- Акыркы убактарда кээ бир саясий күчтөр Башмыйзамга түзөтүү киргизүүнү тынымсыз айтып келишет, - деп белгиледи ал. - Бирок биз Башмыйзамды буга чейин да көп жолу өзгөрткөнбүз. Андан эмне, элдин турмушу оңолуп кеттиби? Миграция токтоп калдыбы? Болбосо, бала бакча көбөйүп кеттиби? Карызыбыз азайып калдыбы ошондон? Пенсия жана пособия алгандардын саны бүгүнкү күндө миллиондон ашты. Биз пенсионерлердин өлкөсүнө айланып калбасак экен. Дайыма эле Башмыйзамды өзгөртүүнүн ордуна, келгиле, өлкөгө инвестиция алып келели.

Төрөбаев Башмыйзам жакшы жазылганда эмес, аткарылганда иштейт деп белгиледи.

- Негизги мыйзамды өзгөртүүгө коюлган мораторийдин убактысы 2020-жылы бүтөт, аз эле калды, андан кийин каалагандай кылгыла, - деп эскертти ал кесиптештерине.

- Келгиле андан көрө жаштарды тарбиялоо жана маданиятыбызды өзгөртүү менен алек бололу. Биздин негизги тапшырмабыз - улуттун коопсуздугу жана ден соолугу эмеспи. Элдин турмушун оңдоо керек. Биздин фракциянын расмий позициясы ушундай.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх