Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековдон УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду бошотууну суранышат

Өтө катуу ооруган генерал бир жолу да арызданбастан, унчукпай жазасын өтөп жатат

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду бошотуу зарылчылыгы тынымсыз бардык жактан айтылып жатат. Генералды колдоо иретинде Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сөз сүйлөп 24.kg МА катуу оооруп жаткан Суталинов боштондукка чыкса, өзүнүн актыгын толугу менен далилдемек деп билдирди.

Мындай деген пикирди соцтармактын көптөгөн колдонуучулары да айтышат. Тактап айтканда, белгилүү юрист, мурдагы коопсуздук органынын кызматкери Улан Жумаков да камактагы чекисттин боштондугу үчүн сөз сүйлөдү. Ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына мына буларды жазды:

(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

«Азыр баары коомчулукта, саясий аренада жана соцтармактарды ырайым кылуу тууралуу көп айтчу болушту. Ушуга байланыштуумен да өз оюмду айтайын.
Сүрөттө бир эле адам турат, - Ал улуттук коопсуздук Мамлекттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов. Мен аны коопсуздук органынын кызматкери болуп иштегенимден бери билем, ал анда УКМК төрагасы болчу. Мен аны өмүрүмдө бир нече жолу гана атайын кызматтын имаратынан көргөм, ал сылык, көңүлү ачык жана кичипейил киши болчу. Анын артынан эч качан жаман сөз айтылчу эмес, анын коррупцияга аралашкандыгы тууралуу да сөз болгон эмес.

Ошондон улам менин оюм мындай, - Мурат Суталиновдун жарандарды карай аткыла деп буйрук беришине мен ушул кезге чейин ишене албайм. Кээ бир жарандар Ак үйдү курчоого алганда куралданып алгындыгын эске алганда да антип ойлобойм.

Суталинов бай тажрыйбага жана тергөөчүлүк иштерге ээ болуп туруп андай ишке барбайт болчу башка бирөө барса да. Алтурсун Курманбек Бакиевдин өзү буйрук берген күндө да ал баш тартмак. Анын үстүнө облустарда бийлик алмашып, Акүй курчоого алынып жаткандыгын билип туруп, анан кантип ошого бармак. Атканга буйрук берген адам келесоо болушу керек эле. Дагы бир эске алынчу жагдай, ал өзү келип колго түшүп берди.Анткени ал атканга буйрук берген эмес. Ал Ак үйдө атканга буйрук бермек, эгерде мамлекеттик кайтаруу кызматы өзүнчө структура болгондо, ИИМ да өзүнө мекеме. Ал эми «Альфанын» балдарын ага чейин эле Форумдун жанында сабап салышкан, алардын куралдарын тартып алышкан, ошондуктан Суталинов эч кимге буйрук бере алмак эмес. Мындан сырткары, Суталиновдо эч кандай мыйзамсыз киреше табылган эмес, банктагы эсептеринде жана уячаларында миллиондор жок. Ал качантан бери эле өзү колго түшкөнү да, анын төртүнчү стадиядагы рак экендиги да эске алынбай отурат. Ал бир бөйрөгү менен жашап келет, бул тууралуу саламаттык сактоо Министрлиги жана башка дарыгерлер айтышкан!

Суталинов тергөө абагынын камерасында отурган убактысында бир да жолу жашоо шартына арызданган жок, үндөбөй гана жазасын өтөп жатат.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шарипович, сиз Мурат Суталиновго капкачан эле ырайым кылышыңыз керек эле, - бул сиз тараптан болгон адилеттүүлүк болмок, анткени катуу оорулуу адамды жылдап кармаганга болбойт камакта. Ал болгону 2010-жылы чын курандын жетисинде Курманбек Бакиевдин катарында турган», - деп айтылат Жумаковдун чыгарылышында.

сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх