Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын алып салышты. Ал соттошом деп жатат

Боршайком Бишкек аймактык комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды

Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комитети Бишкек аймактык комиссиясынын депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыраткан чечимин колдоду. Бул туурасында Vesti.kg сайтына эми мурунку депутат болуп калган адам өзү билдирди. Анын айтымында БШК жыйынында аны болгону 4 киши колдоптур.

- Бардыгы болуп 9 киши катышты, - деп тактады ал. - Мага каршы болуп бешөө добуш берди, ошентип мандатымдан ажыратышты. Мен үч күндүн ичинде сотко арыз жазам, Боршайкомдун чечимине макул эмесмин.

Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын кош жарандуулугу бар үчүн алып салышкан. Бирок ал орусиялык паспорт алган эмесмин деп көшөрүп жатат.

Борбор шаардын аймактык комиссиясы мурда кош жарандуулугу бар экендигин Орусиянын адилет Министрлиги билдирди деген болчу.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх