Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Толкунбек Абдыгуловдун жана анын үй бүлөсүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты Улуттук банк тактады (сүрөт)

КРУБ депутат Эльвира Сурабалдиеванын билдирүүсүнө жооп кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева айткан маалымат чындыкка дал келбейт, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун бирнече батирге ээлик кылаары жалган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРУБ маалымат кызматы билдирди.

- Толкунбек Абдыгуловдун өзүнүн да, үй бүлөсүнүн да жашаган батиринен башка мүлкү жок, - деп билдирет мекеме. - Тастыктоо иретинде КР Мамлекеттик каттоо кызматынын тактамасын көрсөтүштү. Ошону менен бирге Улуттук банктын төрагасынын бардык мүлктөрү Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген.

Улуттук банктын маалымат кызматы редакцияга тийешелүү документтерди берди. Тактап айтканда, анда төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

«- 2018-жылы бештин айынын жыйырма бешинен тартып Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугу катталган Бирдиктүү маалымат системасынын тактамасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичке берилген. Бул документке ылайык КР Улуттук банкынын төрагасынын наамына Бишкектин Орозбеков көчөсүндөгү бир батир катталган.

- Толкунбек Абдыгуловдун аялы Анжела Буларовага берилген тактамага ылайык, анын атына КР аймагында эч кандай кыймылсыз мүлк катталган эмес.

- Толкунбек Абдыгуловдун уулу Тимур Абдыгуловго берилген тактама боюнча, ага Кыргыз Республикасынын аймагында эч кандай кыймылсыз мүлк катталган эмес».

Түшүндүрө кетели, кечээ депутат Эльвира Сурабалдиева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бир нече батирге ээлик кылып, аларды ижарага берет деген болчу. Депутаттын сөзү боюнча, КРУБ төрагасы интервьюсунда бир нече жолу өзүнүн бир гана батири бар экендигин айткан.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх