Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Жээнбековго туура эмес маалымат жеткиришет

Дастан Бекешевдин сөзү боюнча, президенттин аппараты визасыз режим тууралуу мыйзамды кабыл алганга тоскоолдук кылып жатат

Президенттин аппаратынын кызматкерлери мамлекет башчынын атынан анын макулдугусуз эле сүйлөп коюп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Депутаттын сөзү боюнча, президентке визасыз режим киргизүүнүн кесепетинен болчу коркунучтар тууралуу маалыматтарды жеткирип жатышат.

- Президенттин аппараты тоскоолдук жаратып жатат, - деди Бекешев. - Бизге бул жерде президенттин атынан сүйлөйт, ал эми ага болсо кайдагы бир коркунучтарды айтат. Эч кандай коркунуч жок. Реформа болушу керек, биз өнүгүшүбүз керек.

Эске салсак, мурда Жогорку Кеңештин коопсуздук, коргонуу жана эл аралык иштер боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түзөтүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорго макулдук берген. «Кээ бир мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күн визасыз режим киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешев.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх