Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызгидромет өткөн кылымдын 70-жылдарындагы аппараттарды колдонуп жүрөт»

Экологдор чиновниктердин Бишкектеги абанын булганышы нормалдуу дегенге макул эмес

Токой чарбачылыгы жана айлана чөйрөнү коргоо Мамлекеттик агенттиги Бишкекте абанын курамы жакшы эле деп айтууга мажбур болуп жатат, анткени алар «Кыргызгидрометтин» 70-жылдардагы станциясынын маалыматтарына таянып жатышат. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына «Мув Грин» коомдук бирикмесинин инженер-экологу Бактыгүл Стакеева билдирди.

- Станциянын маалыматтары катуу бөлүкчөлөрдүн деңгээлин өлчөй албайт, - деп түшүндүрдү ал. - Алардын жумушчулар шаарчасында онлайн режимде иштеген бир эле станциясы бар. Ал жердеги көрсөткүч кошулманын көбөйгөнүн көрсөтөт. Бул тууралуу былтыркы көрсөткүчтөрдөн билсе болот. Калган станцияларда болсо жабдуулар өткөн кылымдын 70-жылдарындагылар, көрсөткүчтөрү алдайт, туура эмес көрсөтөт.

Эколог коомдук бирикме орнотуп берген көрсөткүч Казакстанда сертификациядан өткөндүгүн кошумчалады.

- Көрсөткүчтү Алматыда жасашкан жана ошол жерден аккредиттелген, - деп белгиледи ал.
- Бизде бардык документтер бар. Биз азыр ал жакта Кыргызстанда каттоо үчүн аракет кылып жатабыз. Казакстанда жабдууну тестирлегенде, анын +/- 10 пайыз алдаганы белгилүү болгон. КРСУда да адистештирилген станция бар, алар биздин көрсөткүчтү аз алдайт экен дешти, бул жакшы жагына. Башкача айтканда, алар абанын булганышын дагы азайтат. Ушундан улам Бишкектеги абанын булганышынын илимий сүрөттөлүшүн кара түтүн деп айтууга болот.

Эске сала кетели, мурда токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо Мамлекетик агенттиги Бишкекте абанын булганышы байкалган эмес деп билдирген. Чиновниктер болсо активисттерди элди козутпоого чакырган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх